Бишкектин көчөлөрүнө диоддук чырактар орнотулат

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка светодиодных светильник в Бишкеке
Установка светодиодных светильник в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын биринчи кварталында 1500 жаңы диоддук чыракты орнотуу пландаштырылууда.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүн жарыктандыруу улантылып жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, ушул жылдын биринчи кварталында 1500 диоддук жаңы чыракты орнотуу пландаштырылууда.

"Жакын арада Касым, Эне-Сай жаңы конуштарына, Түштүк-2, Учкун жана Чыгыш-5 кичирайондорунун көчөлөрүнө жарык киргизилет. Касым жаңы конушундагы Кубаныч, Салтанат, Илим көчөлөрүнө 102 диоддук чырак орнотуу пландалса, Түштүк-2 кичирайонуна 35, ТЭЦтин аймагына 33 чырак коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Электр энергиясын үнөмдөгөн лампалар орнотула турган 60 көчөнүн тизмеси мэриянын расмий сайтында толук жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0