Эреже бузганына ынанбаган айдоочу кимге кайрыла алат

Жазылуу
"Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тарта ишин баштап, Бишкектин 10 кесилишине камера коюлган. Ал бир күндүн ичинде 761 эреже бузууну каттап, ага салынган айып пулдардын суммасы 878 миң сомду түздү.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Эреже бузганы тууралуу жөнөтүлгөн билдирмеге макул болбогон айдоочулар даттана алат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова билдирди.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мониторинг борборуна барып "Коопсуз шаардын" иши жана алгачкы күндүн жыйынтыктары менен таанышты.

"Максим Горький, 20Б дарегинде жайгашкан ЖКККББнын имаратынын биринчи кабатында жарандарды кабыл алуу бөлүмү ачылган. Түшүнбөгөн суроолор болсо ошол жерге барып, инспекторлорго кайрыласыз. Эгер алардын оозеки түшүндүрмөсү канааттандырбаса, арыз жазып калтырасыз. Ал даттанууну жетекчилик курамдан, жол кыймылы боюнча адистерден жана жарандык сектордон түзүлгөн комиссия карап чыгат", — деди Баратова.

Центр мониторинга ГЧП Безопасный город  ГУОБДД КР - Sputnik Кыргызстан
Айып тууралуу билдирүү айдоочуга качан кантип келет? Түшүндүрмө
Мындан сырткары, ал 100 кыска номериндеги түз байланыш күнү-түнү иштеп жарандарга кеңеш берип турарын билдирди. Бирок бул номер учурда юридикалык каттоодон өтүп жатат, жакынкы күндөрү ишке кирери убадаланды.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тарта ишин баштап, Бишкектин 10 кесилишине камера коюлган. Ал бир күндүн ичинде 761 эреже бузууну каттап, ага салынган айып пулдардын суммасы 878 миң сомду түздү. Ушул жылдын соңуна чейин өлкөнүн негизги жолдорунун баарына камера орнотулары айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0