Диний теманы чагылдырууну ЖМКлар менен талкуулаган жыйын өтөт

© AFP / SANJAY KANOJIAКуран китеби. Архив
Куран китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө бир багыттагы диний телеберүүлөрдүн саны көбөйүп, көзөмөлдү күчөтүү, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын алкагында иш-чараларды жүргүзүү зарылчылыгы туурасында айтылды.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Борбор калаада диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жайылтууда медиа тармактын маанисине арналган жыйын өтөт. Бул туурасында Маалымат жана массалык коммуникация департаментинен кабарлашты.

Иш-чарада радикализм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштеринде мамлекеттик органдардын, коомдук эксперттердин, журналисттердин кызматташуусун арттыруу маселеси талкууланмакчы.

Диний чөйрөдө пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору, экстремизмдин, террорчулуктун алдын алган иш-аракеттер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка маалыматтарды объективдүү жана туура жайылтуу ыкмалары ортого салынат.

"Акыркы учурларда Кыргызстандын аймагында бир багыттагы диний телеберүүлөрдүн саны көбөйүп, мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын алкагында иш-чараларды жүргүзүү зарылчылыгы пайда болууда. Айта кетсек, телерадиокомпанияларда диний тематикадагы түз эфирде чыгуучу программаларда телекөрүүчүлөрдөн чагымчыл суроолор берилип, диний кырдаалды күчөтүп жиберген учурлар бар", — деп билдирди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалымат катчысы Назгүл Кыдырназарова.

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында хадис сабагы боюнча өткөн олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлык тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда өткөн диний олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды
Тиешелүү тараптар мындай көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясынын алкагында жогорудагы иш-чараны өткөрүү зарылдыгын да айтышкан.

Диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алууда Кыргызстандын аймагындагы телерадикомпаниялардын дин багытындагы программалардын мазмуну боюнча өлкө аймагындагы тиркемеде көрсөтүлгөн мамлекеттик жана менчик телерадиокомпаниялардын жетекчилери менен жолугушуу демилгеленген.

Иш-чара Бишкек шаарында 14-февралда Касымалы Баялинов атындагы Жаштар жана өспүрүмдөр китепканасында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0