ЖМК: Стамбулда сексуалдык кулчулуктан 35 кыргызстандык кыз бошотулду

© AFP / STRСойкулук менен алектенген кыз. Архив
Сойкулук менен алектенген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн маалыматына караганда, кылмыштуу топтун мүчөлөрү аялдар менен социалдык тармак аркылуу таанышып, аларга сүйүү каттарын жазып турушкан.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарынан 35 кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү Haberler жазды.

Басылмадагы маалыматка караганда, жергиликтүү полиция масштабдык негизде операция өткөрүп, анын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын аялдарын төшөк кызматын көрсөтүүгө мажбурлаган кылмыштуу топту аныктаган.

"Полиция сексуалдык кулчулуктагы 85 аялды тапты. Алардын 35и — кыргызстандыктар, калганы Өзбекстандын жарандары. Белгилүү болгондой, кылмыштуу топтун мүчөлөрү аялдар менен социалдык тармак аркылуу таанышып, аларга сүйүү каттарын жазып турушкан. Кийин аларды үй-бүлө курабыз деп алдап Түркияга чакырышкан. Бирок аялдар барган кезде аларды төшөк кызматын көрсөтүүгө мажбурлашкан", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду. Ал эми бошотулган аялдарды өлкөсүнө депортациялоо маселеси чечилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0