Келбетин өзгөртүп... Кылмышка айгак болгон кишини бийлик кантип коргойт

Жазылуу
Бирөөнүн кылмышын ачыктаган кишини мамлекет коргоого алып, өң-келбетине чейин өзгөртүп берген учурларды мурда кинодон көрчүбүз.

Эми Кыргызстанда дагы мындай жарандар мыйзам чегинде корголо баштайт. Тагыраагы, эки апта мурда "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө" мыйзам күчүнө кирди.

Бул документ кандайча иштери жана коррупционерлердин айыбын ачкан адам кандай корголору жөнүндө мыйзамдын башкы демилгечилеринин бири, парламенттин экс-депутаты Аида Салянова түшүндүрүп берди.

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова
Келбетин өзгөртүп... Кылмышка айгак болгон кишини бийлик кантип коргойт - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова

Мыйзамдын максаты

Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга, калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Муктаж болгон жаранды ким коргойт?

Работа ГНС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Карызы барлар, карагыла. Кыргызстанда мыйзамдар жумшара баштады
Мамлекеттик коргоого алуу боюнча чечимди жарандын арызын карап жаткан сот, прокурор, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын начальниги же тергөөчү кабыл алат. Жарандын коопсуздугун сактоо боюнча милдет ички иштер, улуттук коопсуздук, жаза аткаруу системасы, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдарына жүктөлөт. Ошондой эле мыйзамга ылайык, коопсуздуктун айрым чараларын жүзөгө ашырчу башка мамлекеттик органдар милдеттендирилиши мүмкүн.

Жарандын аты сыр бойдон сакталабы?

Кылмыш тууралуу кабар берген жактын аты-жөнү жана ал тууралуу маалыматты жашыруун сактоо корголуучу адамдын арызы жана макулдугу менен ишке ашат. Атты жашыруу тартиби КРдин мамлекеттик сырды коргоо мыйзамына ылайык белгиленет. Эгер жаранды коргогон орган чечим кабыл алса, ал адам тууралуу маалыматтарды бир дагы органдан эч ким сурап биле албайт. Ошондой эле зарыл болгон учурда жарандын телефонунун жана автоунаасынын номери өзгөртүлөт.

Бирөөнүн айыбын ачып жаткан адамдын милдеттери

Абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмышкер кайда жаза өтөрүн эми сот чечпейт. Жаңы кодекстеги негизги 4 аспект
Билдирилип жаткан коррупциялык иштер боюнча даттануучунун күбөлөндүрүлгөн жетиштүү маалыматтары болушу керек. Анткени ал арыз жазып жаткан учурда бардык далилдерин көрсөтүүсү зарыл. Арызды жазган соң прокуратура жана башка тиешелүү органдардын мыйзамдуу талаптарын толугу менен аткарышы керек. Эгер кимдир бирөө башка адам же орган тууралуу жалган маалымат берсе, мыйзамга ылайык өзү жоопкерчиликке тартылат.

Сый акы

Мыйзам бузуулар жөнүндө билдирген адам коррупциялык иштерден кайтарылган кажараттын 30 пайызын сыйлык катары алат. Бирок бул сумма эч качан 1 миллион сомдон ашпашы керек.

Жаран кантип корголот?

Корголуучу адамга зарыл болгон маалда төмөндөгү коопсуздук чараларынын бири же бир нечеси колдонулат:

— жеке коргонууга, байланышууга жана коркунуч жаралган учурда кабарлоочу атайын каражаттар берилет;

— корголуучу адам жөнүндө маалыматтар купуя сакталат;

— жашаган жерин которот;

— иштеген же окуган жери өзгөртүлөт;

— корголуучу адамдын гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дагы анкеталык маалыматтары, документтери алмаштырылат;

— тышкы келбети өзгөртүлөт;

— сотто чыгып сүйлөгөндө анын тышкы келбети маскировкаланып, анкеталык жана башка маалыматтары жарыя кылынбайт;

— коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адам өзү дагы камакта болгон учурда башка жаза аткаруу мекемесине которулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0