15:14 18 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
Конок үй. Архив

Хан сарайды текейден арзан алгыңыз келеби? Күрөөдө калган мүлк кандайча сатылат

© Sputnik / Эркин Алымбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Карина Разетдинова
1405 0 0

Күрөөгө коюлган мүлктү сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керектиги туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы банктардын сайттарынан насыя алуу, аманат ачуу шарттарынан тышкары өзүнчө бир бөлүм бар. Анда заңгыраган эки-үч кабат үйлөр, өндүрүштүк имараттар жана кеңселер өз ээлерин күтөт.

Мисалы, Бишкектин эң келечектүү деп саналган бурчунан укмуштай жасалгаланган, аянты 565 чарчы метрди түзгөн үйдү банктын колунан сиз 362 миң доллардын тегерегиндеги баага деле сатып аласыз. Борбордун чок ортосунан жекече типтеги, аянты 190 чарчы метр, бардык шарттары бар батир 280 миң долларга коюлган.

Киши турбаган имараттар да сатыкка чыгарылат. Маселен, жарактуу аянты 540 чарчы метрлик мурдагы кафе 180 миң долларга бааланган.

Банктар сатыкка чыгарган мүлк кайдан алынат? Насыя алуучу өз милдеттенмелерин аткара албай калды дейли, мындай учурда күрөө келишимине ылайык, банк күрөөгө коюлган мүлктүн наркынан өз талаптарынын аткарылышын камсыздоого укугу бар.

Мүлктү баалоочу компаниянын аткаруучу директору Илья Ниренберг белгилегендей, сатыкка чыгарылган батир жана үйлөр адатта рыноктогу баада эле сатылат.

Исполнительный директор оценочной компании Илья Ниренберг во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Эркин Садыков
Мүлктү баалоочу компаниянын аткаруучу директору Илья Ниренберг

"Андай кыймылсыз мүлктүн баасы рыноктогу орточо баадан анчалык айырмаланбайт. Себеби банктар баалоочуларга кайрылат, алар мүлктүн накта наркын аныктайт. Эки тарапта тең кесипкөйлөр иш алпарса, анда баа рыноктогу баага жакындап барат", — деп белгиледи ал.

Серепчинин айтымында, күрөөдөгү мүлк ар дайым арзан боло бербейт.

"Ири объектилерди, мисалы, жабдуулары менен өндүрүштүк базаларды ушундай жол менен сатып алуу пайдалуу. Андай мүлктү алчулар сейрек, ал эми банк тезинен сатылышына кызыкдар. Батир, там-таш — соода-сатык келишимдеринде кеңири таралган объектилер, андыктан алардын баасын өтө төмөндөтүүнүн кажети жок", — деди ал.

Карызкордун мүлкүн сатып алуу опурталдуубу? Андай келишимдин өзгөчөлүктөрү жөнүндө эмнелерди билип алышыбыз керек? Бул өңдүү көп берилчү суроолорго өлкөдөгү банктардын биринин көйгөйлүү кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн юристи Нуридин Асанкулов жооп берди.

— Күрөөгө коюлган мүлк сатыкка кантип чыгарылат?

— Эки ыкмасы бар: бири сот аркылуу ишке ашырылат, экинчиси сотко жеткирбей бүткөрүлөт. Биринчисинде банк сотко кайрылат, анда бааланган наркы боюнча күрөө келишимине ылайык тийиштүү чечим чыгарылат. Андан соң мүлк сот аткаруучулар кызматы аркылуу соодаланат. Бул эки баскыч менен жүрөт, биринчи жана кайталанган соода-сатыкка коюлат.

— Аукциондун жол-жобосу кандай?

— Бул тууралуу маалымат ЖМКга бир ай мурун жарыяланат. Адатта жарыялар республикалык масштабдагы гезиттерге жана жергиликтүү басылмаларга чыгат. Тоорукту өткөрүү үчүн кеминде эки сатып алуучу болууга тийиш. Алар турак жай наркынын беш пайызын төгүүгө тийиш. Аукциондо эң чоң сумманы сунуштаган жак жеңүүчү деп табылып, үч күн аралыгында мүлктүн толук баасын төгүшү керек.

Эгер сунушка кызыккандар чыкпаса, тоорук өтпөй калгандыгы тууралуу акт түзүлүп, кайрадан жарыяланат. Эгер дагы да эч ким келбесе, тийиштүү документ кайра түзүлөт.

— Мындай келишимдердин юридикалык тобокелдиктери көп экени айтылат. Мурдагы кожоюндары үйдөн чыкпай коюшсачы? Чочулоого негиз барбы?

— Адамдар күрөөдөгү мүлк менен байланышууга чанда гана барат, себеби сот аркылуу жүргөндүктөн, мурдагы менчик ээлеринин эркине каршы аракеттер жасалат. Алар соттук ишти создуктурууга тырышат, тооруктун жыйынтыгын, протоколду таанышпайт... Карызкорлор күрөөдөгү мүлк бааланган баага нааразы болгондор аз эмес. Эгер көз карандысыз мүлк баалоочулардын отчетунун негизинде турак жайдын ушул таптагы баасы түшүп кеткен же тескерисинче көтөрүлгөнүн далилдеп бергидей болсо, анда алар сотко кайрыла алышат.

Эгер сатып алуучу турак жайды тоорукта алса, мурдагы ээсин чыгаруу жаңы кожоюндун мойнуна жүктөлүшү мүмкүн. Бул сот аркылуу да жүрүшү мүмкүн! Аргасыз абалда калган карызкорлор батирин тынч бошотуп чыгып кетиши күмөн.

— Мен күрөөдө турган мүлктү сатып алдым, бирок мурдагы кожоюну келишимдин мыйзамсыз экендигин кандайдыр жол менен сотто далилдей алды дейли. Мен же батирден жок, же акчадан жок каламбы?

— Эгер мурдагы менчик ээси тоорук жана анын протоколун жараксыз экендигин далилдей алса, анда бул иштеги бардык тараптар баштапкы абалына кайтат. Кабатырлануунун кажети жок, себеби андай шартта банк сатып алуучуга акчасын кайтарып берет.

— Күрөөгө коюлган мүлк үчүнчү жакка катталгандыгы иштин жүрүшүндө аныкталышы мүмкүнбү? Андай учурга кабылбоо үчүн эмне кылуу зарыл?

— Банк тобокелдиктерди болушунча азайтууга умтулат. Мүлктү күрөөгө алардан мурун юристтер текшерип, тыянак чыгарышат. Мисалы, зайым алуучу ишеним каттын негизинде сатып алганы аныкталат. Насыя берүүчү үчүн мындай учур опурталдуу, себеби мурдагы кожоюну соода-сатык келишими боюнча чырдап чыгышы ыктымал. Банк андай учурда насыя берүүдөн баш тартууга акылуу.

Мүлктү сатып алууда үчүнчү жактар түйшүгү жаралбайбы, келишим түзүүгө эч кандай тоскоол жокпу, баарын кылдат текшерүү зарыл. Бул кандайча аткарылат? Сиз Кыймылсыз мүлк укугунун мамлекеттик реестринен көчүрмө аласыз. Анда турак жайдын кожоюну ким жана кандай негизде экендиги көрсөтүлөт.

— Баамыбызда сатыкка чыгарылган турак жайды алууга эл көп деле ашыга бербейт. Баары алгандан чочулаган батирди банк кантип сатат?

— Бул учурда банк көбүнесе мүлктү өз балансына алууга аргасыз болот. Андай шартта банк батирди үч жыл аралыгында сатышы керек. Бул тикелей соода-сатык келишими же насыя аркылуу жүргүзүлөт. Мында баштапкы төгүм — 25 пайыз, калган бөлүгүн бөлүп төлөө каралат. Башкача айтканда, бул кадимки эле соода-сатык келишими, болгону банк менен сатып алуучунун ортосунда жүрөт.

— Банк күрөөдөгү мүлктү өз балансына өткөрүүдө мурдагы тургундарын чыгаруу өңдүү көйгөйлөрдү өзү чечеби?

— Андай учурлар көп болбойт. Зайым алуучу насыяны жабууга каражаты жоктугун моюнга алат. Андай шартта банк мурдагы менчик ээси менен сүйлөшүп, мүлктү сатууну көздөйт. Ал өзү жарыя берет, банк дагы өз баракчасына жарыялайт, ошентип мүлктү биргелешип сатабыз. Эгер мурдагы ээси аны карызынан көп өлчөмдө сата алса, айырмасын өзү алат.

Укугунан баш тартуу келишими боюнча мүлк банкка өткөрүлгөн учурлар да болот. Турак жай ээси насыясын төгө албай турганын түшүнүп, өз эрки менен мүлкүн тапшырат. Банк турак жайдын ээси катары аны сатууга укук алат. Албетте, мыйзамга ылайык, биринчи кезекте кайра эле кожоюнуна сатып алуу укугу берилет, башкача айтканда, белгилүү бир убакыт өтмөйүнчө турак жайды башка бирөөгө сатууга банктын акысы жок.

Эгер карызкор мындай тынч жол менен бербесе, анда банк чындап эле тургундарды үйдөн чыгарууга аргасыз болот. Сотко берерден мурун кызматкерлер зайым алуучуларга карыз өндүрүү амалы башталганы боюнча билдирүү тапшырат. Өз ыктыяры менен бошотууга бир ай берилет.

Ошентип сот аркылуу карызкорлорду чыгарып, банк баланстык наркы боюнча түйшүгүнөн арылган турак жайды сатыкка коет. Сатып алуучунун кооптонуусуна негиз жок, анткени бардык көйгөйлөр чечилген.

— Күрөөдөгү мүлк баасы кандай өзгөрөт?

— Бизге күрөөгө өз батирин кое турган зайым алуучулар кайрылды дейли. Үй бааланат, андан соң эки тарап биргелешип күрөө наркын белгилешет. Бирок зайымды үч-беш жылга алышкандыктан бул убакыт аралыгында баада оголе көп айырмачылыктар болушу мүмкүн. Мыйзамга жаңыдан кирген өзгөртүүлөргө ылайык, банк мүлктү жылына бирден кем эмес ирет баалап турууга милдеттүү.

Банктын балансында турган батир жана үйлөр жакшы өтөт, айрыкча азыр кыймылсыз мүлк рыногунда талап жагынан көйгөй жок эмеспи. Бирок кымбат баалуу үйлөр боюнча кеп башка. Эл көбүнчө арзан, чакан турак жай алууну туура көрөт.

Баса, Sputnik Кыргызстан өлкөнүн кыймылсыз мүлк рыногуна саресеп салды, азыркы таптагы баалар жана божомолдор боюнча бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Тема боюнча

Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал
Белгилер:
аукцион, батир, турак үй, банк, күрөө

ЭҢ МААНИЛҮҮ