Өңүмбү же түшүмбү? Бусиктер экинчи тилкеден бурулбай калышты. Видео

© Sputnik / Мирбек СакеновРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекке коюлган камералар иштей баштады.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен маршруткалар бир кылка тизилип алып бурулуп жаткан видеосу социалдык тармакка жарыяланды. Колдонуучулар маршрутка айдоочуларынын жол эрежесин сактап айдап жатканына кыйла таң калышууда.

Бүгүн, 12-февралдан тарта, Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында калаага коюлган камералар иштей баштады. Алар эреже бузгандарды каттоого алат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Сто Бишкек (@pro___service)

"Күлкү келет — Чыгыш-5 кичирайону. Бусиктер мынчалык бир тилкеге тизилген эмес. Азыр болсо эрежедегидей сол тарапта каз катар тизилип турушат. Бул таң каларлык нерсе. Буга чейин экинчи тилкеден аз келгенсип, үчүнчүсүнөн да бурулуп кетишчү", — деп видеону жүктөгөн жаран жазды.

Бишкек шаарынын камералар коюлган кесилиштери тизмектелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0