ИИМ: депутат Жолдошбаевдин күйөө баласы делген киши милициядан кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишенимдүү булактын билдиришинче, милициянын подполковниги Айбек Сыдыков Lexus үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдун четинде токтоп турган Daewoo Nexia менен Toyota Mark II машиналарын коюп кеткен. Айып короодон ал автоунаасын айдап кетүүгө да аракет кылган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Бишкек ШИИБдин кызматкери Айбек Сыдыков мас абалында жол кырсыгына кабылды делген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

ИИМ айрым ЖМКлар жол кырсыгына кабылган жаран депутат Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы деп жазганын эске салат. Министрликтин маалымат кызматы жол кырсыгына чындап эле Сыдыков кабылганын ырастады.

"Андан сырткары, 2017-жылдын 5-октябрында "Ретро метро" түнкү клубунда болгон окуяга (ок чыгаруу — ред.) Сыдыков дагы катышкан. ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ага кызматына толук туура келбейт деген дисциплинардык жаза берилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан "Уурулук", "Курал колдонуу менен бейбаштык кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 2-февралында кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна берилген.

Атышуудагы тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу атышуу: ички иштер министри башка органдарды да сындады
"Былтыр 22-октябрда Айбек Сыдыков "Бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, шарттуу түрдө сыноо мөөнөтү менен 3 жылга кесилген. Сыдыковдун адвокаты Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген, бирок ал карала элек", — деп ИИМден билдиришти.

Сыдыков Биринчи Май райондук сотунда иши каралып жатканда кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИБдин курамында кала берген. Учурда ИИМдин ички кызмат иликтөө кызматы текшерүү жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0