Ишеним кат менен машина алгандар чыныгы ээсин оңой таба алат. Жол-жобосу

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааны кимге катталганын оңой табуунун жолун түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Автоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат. Бул тууралуу Мамкаттоонун маалымат кызматы билдирди.

© Фото / скриншот с портала электронных услугАвтоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат
Автоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Автоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат
© Фото / скриншот с портала электронных услугТолтурулган маалыматтар порталдын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот
Толтурулган маалыматтар порталдын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот - Sputnik Кыргызстан
2/3
Толтурулган маалыматтар порталдын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот
© скриншот с портала электронных услугМаалыматтарды кошуу үчүн катталуунун кажети жок.
Маалыматтарды кошуу үчүн катталуунун кажети жок. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Маалыматтарды кошуу үчүн катталуунун кажети жок.
1/3
Автоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат
2/3
Толтурулган маалыматтар порталдын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот
3/3
Маалыматтарды кошуу үчүн катталуунун кажети жок.

Эскерте кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузганда салынган айыптар автоунаа катталган кишиге келет.

Көлүктүн чыныгы ээсин табуу үчүн portal.srs.kg сайтына кирип, "Кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмүнөн "Транспорт" деген жерин тандайсыз. Андан кийин "Транспорт каражатынын ээсин издөө" бөлүмүнө кирип, " Мен, автоунаанын ээси, ишеним кат боюнча автоунааны башкаруучу адамды издеп жатамын " же

"Мен автоунааны ишеним кат боюнча айдап жүрөм жана автоунаанын ээсин издеймин" деген вариантты тандайсыз. Андан соң " Издөө жөнүндө кулактандырууну кошуу " деген баскычты басып, тийиштүү маалыматтардын бардыгын жазасыз.

Запуск проекта ГЧП Безопасный город - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаарды" ким көзөмөлдөйт? ЖКККББнын мониторинг борборунда иштегендер
Толтурулган маалыматтар порталдын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот.

Маалыматтарды кошуу үчүн катталуунун кажети жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын 10 көчөсүнүн кесилишине коюлган фото-видеого тартуучу камералар иштей баштады. Ал эреже бузуунун жети түрүн каттоого алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0