16:42 17 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
Автоунаалар. Архив

Ишеним кат менен машина алгандар чыныгы ээсин оңой таба алат. Жол-жобосу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
160210

Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааны кимге катталганын оңой табуунун жолун түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Автоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат. Бул тууралуу Мамкаттоонун маалымат кызматы билдирди.

  • Автоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат
    Автоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат
    © Фото / скриншот с портала электронных услуг
  • Толтурулган маалыматтар порталдын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот
    Толтурулган маалыматтар порталдын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот
    © Фото / скриншот с портала электронных услуг
  • Маалыматтарды кошуу үчүн катталуунун кажети жок.
    Маалыматтарды кошуу үчүн катталуунун кажети жок.
    скриншот с портала электронных услуг
1 / 3
© Фото / скриншот с портала электронных услуг
Автоунааны ишеним кат менен сатып алгандар же машинасын экинчи тарапка ишеним кат менен саткандар Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар порталына билдирүү калтырып, издеген кишилерин таба алат

Эскерте кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузганда салынган айыптар автоунаа катталган кишиге келет.

Көлүктүн чыныгы ээсин табуу үчүн portal.srs.kg сайтына кирип, "Кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмүнөн "Транспорт" деген жерин тандайсыз. Андан кийин "Транспорт каражатынын ээсин издөө" бөлүмүнө кирип, " Мен, автоунаанын ээси, ишеним кат боюнча автоунааны башкаруучу адамды издеп жатамын " же

"Мен автоунааны ишеним кат боюнча айдап жүрөм жана автоунаанын ээсин издеймин" деген вариантты тандайсыз. Андан соң " Издөө жөнүндө кулактандырууну кошуу " деген баскычты басып, тийиштүү маалыматтардын бардыгын жазасыз.

Толтурулган маалыматтар порталдын бардык колдонуучуларына жеткиликтүү болот.

Маалыматтарды кошуу үчүн катталуунун кажети жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын 10 көчөсүнүн кесилишине коюлган фото-видеого тартуучу камералар иштей баштады. Ал эреже бузуунун жети түрүн каттоого алат.

Тема боюнча

23 миң сом! Жол эрежесин бузгандарга салынчу айыптардын көлөмү
"Коопсуз шаар" долбоору боюнча камера коюлган кесилиштер. Карта
Белгилер:
издөө, Коопсуз шаар, Мамлекеттик каттоо кызматы

ЭҢ МААНИЛҮҮ