Токмоктогу жолдо жолборс жортуп жүрөбү? Милициянын жообу

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүОбитателям зоопарка подарили более 1000 елок
Обитателям зоопарка подарили более 1000 елок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта жаныбарды 11-февралда көргөндөр болгон деп жазышкан.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. WhatsApp мессенжери аркылуу жолдон өтүп кеткен жолборстун видеосу тарап, жаныбар Токмок районунда жүргөнү айтылган. Жолборс жеке менчик зоопарктан качып кеткен деп болжолдошкон.

Мындан сырткары, жаныбарды 11-февралда көргөндөр болгон деп жазышкан.

"Жырткыч зоопарктан качып кетиши мүмкүн. Айланма жолдон токтобогула, этият болуңуздар!" — деп айтылат маалыматта.

Мындай билдирүүнү социалдык тармактардан да тарата башташкан.

Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы видео Россиянын Хабаровск крайында тартылганын билдирди.

"Ооба, Токмокко менчик зоопарк келген, бирок ал үч күн мурда кеткен", — дешти милициядан.

Тартип сакчылар анда жолборстун бар-жогун так айта алышкан жок.

Белгилей кетчү жагдай, эгер интернеттен "Тигр на дороге" деп жазып издегенде дал ушундай видео "Жолборс Хабаровск крайындагы унаа жолдо — күбө" деген аталыш менен 10-февралда жарыяланган.

Ушул күнү "Караганда — Жезказган унаа жолунда жолборс жүрөт" деген аталыш менен дагы бир видео чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0