23-февралга аз калды. Кыргызстанда эс алуу күндөрү кандайча бөлүштүрүлдү

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желегин көтөргөн аскер кызматкерлери. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнү ишембиге туш келип калгандыктан, 25-февраль эс алуу күн болушу керек эле.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү, 25-февралда, кыргызстандыктар эс албайт. Тиешелүү токтом былтыркы жылдын декабрь айында эле кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 23-февраль ишемби күнгө туш келип калгандыктан, 25-февраль эс алуу күнү болушу керек эле. Бирок былтыр "2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтом долбоору кабыл алынган. Ага ылайык, 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январда, андан сырткары, 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу сунушталган.

— Эс алуу күнү 25-февраль (23-февраль майрам болгондуктан) 2-январдагы иш күнгө жылат;

— 8-апрель эс алуу күнү (7-апрель эс алуу күн болгондуктан) 3-январдагы иш күнгө өтөт;

— 2-сентябрь эс алуу күнү (31-август эс алуу күн болгондуктан) 4-январдагы иш күнгө жылат;

— 6-май эс алуу күнү (5-май күнү эс алуу болгондуктан) 10-майдагы иш күнгө жылат.

2019-жылдын майрам, эс алуу күндөрүн төмөнкү календардан толугураак карап алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0