Күйөөмдүн аракеч, эрке уулунан тажадым... Жашы өтүп калган аялдын баяны

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖайылган стол. Архив
Жайылган стол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышына күйөөсүнүн аракеч, эрке уулунан тажаган улгайган аялдын каты жарыяланмакчы.

Как устроить ссору, чтобы улучшить жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыз жандуу күйөөмөн тажадым, кетип да кала албайм... Келиндин каты
Жашым 50дөн ашып калды. 35 жашымда бир баласы бар, жубайы каза болуп калган кишиге турмушка чыккам. Уулун өз баламдай кабыл алып, багып-чоңойтууга аракет кылдым. Окуттук, башка балдардан кем кылбай кийинтип, жакшы тарбия берүүгө аракет кылдык. Үйлөнгөндөн көп өтпөй кыздуу болгонбуз. Аныбыз азыр мектеп окуучусу, уулубуз болсо 30га чыгып калды. Жолдошум менен талашып тартышкан деле маселебиз жок, жакшы жашадык. Жумуш деп жүрүп турмушка кеч чыккам. Турмушка чыкканга чейин ишкерлик, соода менен алектенчүмүн. Бутума туруп, өзүмдү эле эмес, үй-бүлөмдү да жетишээрлик камсыз кылчумун. Жолдошум деле иштечү. Бирге түтүн булатып баштаганда ишибиз жакшы жүрүп кычыраган үй салып, жетиштүү жашоодо жашадык. Бирок уулубуз (күйөөмдүн баласы) начар чыгып калды. Ичкиликке берилип, эрке өстү. Эркек баланы өгөй эне катары тарбиялоо кыйын экен. Күйөөм "мейличи, жаш да" деп атып эрке өстү. Окуусун бүтө элек жатып үйлөнүп алды. Анысы менен деле көп жашаган жок. Бир жылдан кийин келинибиз кетип калды. Токтолуп калбай кайра эле аракка берилип, айтор, айланы кетирди. Кийинки күндөрү үйгө келип чыр салчу болду. Мүнөзү өтө кырс. Мени эмес, атасынын сөзүн укпайт. Бирдеме десем эле жолдошум "өз балаң эмес да" деп баласына болушат. Эмне кылышты билбей калдым. Кызымды алып кээде кетип калгым келет. Бирок тытынып жүрүп салган үйдү калтырып кете албайм. Чет өлкөгө кетип калайын десем, шаарда бизнестерим бар. Анын көпчүлүгүн күйөөгө тие электе ачкам. Жолдошумдун да тааныш-билиштери көп, мүнөзү оорураак, тууган-жакындарыма залакасы тиеби деп корком. Айтор, айла кеткенде психологго кайрылып көрүүнү туура көрдүм.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

Албетте, бала тарбиялоо оңой эмес. Бирок "баары бүттү" деп кол шилтеп койбой, жолдошу аркылуу уулу менен мамиле түзүп сүйлөшүп көрүүгө аракет кылышы керек. Бала тарбиялоодо материалдык нерседен мурун аларга жылуу мамиле, жакшы сөз керек. "Курсагы ток, кийими бүтүн" деп жакшы шартта жашап жатканына эле кубана бербей, балага көңүл буруп, алар менен сүйлөшүп, оюн угуп жакын болгондо гана мээримди сезет.

Эркек адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи аялыма батынып бара албай жүрөм... Айласы куруган эркектин тагдыры
Ишкер аял болгонуна караганда, көп убактысын жумушта өткөрүп, балдарга жетишээрлик көңүл бурбай калган сыяктуу. Бала алтын сарайда жашаса дагы мамилеге, ата-эненин сүйүүсүнө муктаж болуп өсөт. "Күйөөмдүн баласы эрке, аракеч" дебей, жолдошу менен биргелешип аны бул кырдаалдан алып чыгууга жардам бергени жакшы. "Ажырашып кетсем, кызымды алып чет мамлекетке кетип калсам" дегени - бул өзүнүн жеке керт башын гана ойлогонун көрсөтүп жатат. Ажырашканда эч кимдин жашоосу өзгөрүп кетпейт. Тескерисинче, кызын атасынан ажыратат.

Сүйлөшүп, көңүл буруп, жакшы мамиле жасасаңар ичи жылып, балким акыл-эстүү жигит болсо, өзү эле оң жолго түшөт. Аракет кылып көргөнү дурус. Өз энеси болбогон күндө дагы энелик мээримди аябашы керек. Азыр бул үй-бүлө эненин мээримине муктаж.

Жаңылыктар түрмөгү
0