Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом

© Фото / Victory BarКоординатор церемонии открытия и закрытия Всемирных игр кочевников Дарика Асылбашева
Координатор церемонии открытия и закрытия Всемирных игр кочевников Дарика Асылбашева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Биз — ата-энебиз" рубрикасында Дарика Асылбашева алгач ирет өз үй-бүлөсү, балдары жана ийгиликтүү ишмердиги туурасында ачык маек куруп берди.

Дарика Асылбашева — маданият жана шоу-бизнестин таанымал өкүлдөрүнүн бири, 2014 жана 2016-жылдары өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылышын, ошондой эле 2012-жылы Атай Өмүрзаков менен биргеликте "Мен бийчимин" эл аралык сынагын уюштурган ивент-ишканасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Дарика өз командасы менен бирге өлкөнүн башкы телеканалындагы "Асман" вокалдык долбооруна продюсерлик кылат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДарика Асылбашева "Биз — ата-энебиз" рубрикасында алгач ирет өз үй-бүлөсү, балдары жана ийгиликтүү ишмердиги туурасында ачык маек куруп берди.
Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом - Sputnik Кыргызстан
Дарика Асылбашева "Биз — ата-энебиз" рубрикасында алгач ирет өз үй-бүлөсү, балдары жана ийгиликтүү ишмердиги туурасында ачык маек куруп берди.

Жоолук салынып, айылга каттап, ичеги-карын артчумун

— Ушунча жылдан бери биринчи ирет ушул темада кеңири маек берип турганым. Бардык жетишкендиктерим бир тең, эне бактысы бир тең. Балким, көпчүлүк мени карьеранын артынан жүргөн кишидей көргөндүктөн, бул сөзүмө ишенбейт чыгар. Бирок бардык ишим — балдарым мени менен сыймыктансын деген аракетим. Бул — менин жашоомдогу эң башкы максатым. Жасаганымдын баары балдарым үчүн.

Үч кызым бар, ар бири өзүнчө өзгөчө. Кебетелери да, мүнөздөрү да ар башка. Тун кызым азыр өткөөл куракта, 13кө толду. Экинчиси 11 жашта, үчүнчүсү үчтө. Ошондуктан ар күнүм саат 7.30да башталып, аябай кеч аяктайт. Таңда балдарды бала бакчага, мектепке жеткиребиз. Андан ары кеңсеге кетем. Кечке чейин жумуштабыз. Кечкисин балдарды жолдошум менен кезектешип алабыз. Жумуштан кайтканымда алар менен үй тапшырмаларын аткарууга шайым келбей калат, ачык эле айтайын. Ошол себептен, бул боюнча балдар менен жаман-жакшы айтышпайлы деп бул милдетти иштин көзүн билгендерге табыштагам.

Ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек
Негизи эле нервди сактоого кеңеш берер элем. Себеби ар бир ата-энеде эле педагогдук жөндөм боло бербейт. Өзүм иштейм, андыктан, адистердин сапаттуу кызматы үчүн төлөп бере алам. Балдарым башынан жеке бала бакча, жеке мектепке барышат, ал жакта үч маал тамак, айрымдары балдарды өздөрү ташыйт. Балдарым туура тамактанып, ар бир күнү уюшкандыкта өтүшү мен үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан окуудан сырткары алар кошумча ийримдерге катышып, шахматка барышат, бий, ушу менен машыгышат. Ошон үчүн жумушта санаам тынч отурам. Кичинекей кездеринде апама, сиңдилериме калтырчумун. Алар мага убагында аябай чоң жөлөк болушту. Азыр кыздарым чоңоюп калышты, кечкисин келчү бала багуучу көз салат.

Салтанат уюштуруучу же ивентер катары үй-бүлөм менен өз күнүмдүн ар ирмемине чейин бөлүштүрүлгөн күндү пландаштыруум маанилүү, себеби көп нерсеге үлгүрүүгө тийишмин. Ошондуктан, күндөрүбүз окуяларга бай, бардык ишти ыкчам аткарабыз. Салтанат уюштуруу рыногунда 12 жылдан бери иш алпарып келебиз, соңку эки-үч жылда иштин көптүгүнөн тамак жасоого жетишпей калдым. Бирок ага дейре кадимкидей келин болуп, апа катары үйдө отуруп, үч маал тамак жасачумун. Кайын-журтум интеллигент кишилер, салтты бекем карманышат. Жоолукту бекем байлап, айылга каттап, ичеги-карын да арткам. Айылда чоң энемдин колунда өскөндүктөн, оокат кылуудан чочубайм.

— Башкы менеджер эмне милдет аткарат?

— Албетте, башкы менеджер десе аты улук сезилер, бирок башында бардык ишти өзүм аткарчумун. Кассир да, кеңсе менеджери болдум, пол да жуудум. Башкы менеджер — колунан баары келе турган киши, анткени кай салтанатта кандай зарылдыктар чыгарын алдын ала биле албайсың. Сапаттуу иш-чараны уюштуруу үчүн бардык өңүттөн алып кароого тийишсиң. Ашканасынан тарта залдын жасалгасына чейин кылдат карайсың. Чет элдик артисттер чакырылса, учак билети, конокторду ташып жүрүү жагын да уюштурасың. Биз үйлөнүү үлпөттөрүн уюштуруу менен гана баштаганбыз, ал эми бүгүн ар башка форматтагы иш-чараларды уюштурабыз, тейлөө аймагыбыз да кеңейди. 

© Фото / Victory BarИйгиликтүү ишкер айым болгуча Дарика бала менен үйдө отурган кадимки келин эле
Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом - Sputnik Кыргызстан
Ийгиликтүү ишкер айым болгуча Дарика бала менен үйдө отурган кадимки келин эле

— Иштин көптүгү үй-бүлөгө терс таасир тийгизбейби?

— Биринчи кызым төрөлгөн кезде декретте отуруп, үйдө отура албай турганымды түшүндүм. Жаман болдум, өсүп-өнүкпөй, баары токтоп калгандай туюлган. Кадимкидей чөгө түштүм. Өзүн үй-тирилигине арнап койгон аялдарга суктанам, бирок ал мага жарашпайт экен. Муну моюнга алам. Иштеп жүргөнүмдө өзүмдү бактылуу сезем. Эгер өз ишиңди, графигиңди туура түзүп алсаң, эч кимге зыяны тийбейт. Суткасына 24 саат иштебейм. Жеке ишти аркалоонун оң тарабы ушул экен, иш тартибиңди болушунча үй-бүлөңө терс таасир тийгизбегидей тууралап аласың. Алгач баштаган кезде балам уктап жатканда күнүнө эки сааттан гана иштечүмүн. Кийин банкеттерге 5-6 саатка чыга баштадым. Татаал эч нерсеси деле жок. Ушундай тартипте иштеп жүрүп, эки балалуу болдум. Мага иштин кыйынчылыгы деле сезилчү эмес, ал эми бир салтанатта мамлекеттик кызматкердин бир айда алганын таап койчумун.

Балдар чоңое баштады, бакчага берем, убактым кенен. Ошол убакта көп иштерди аткарып үлгүрчүмүн. Иш сапар учурунда гана болуп калбаса, биздин үйдө эне суткалап үй бетин көрбөгөнү кездешпейт. Жолго чыксам да беш күндөн ашырбоого тырышам. Чет өлкөгө чыкканымда кыздарым кучагыма белек толтуруп кайтарымды билишет.

— Кыздарыңызга эмнелерге тыюу саласыз?

— Абдан эркин кармайм. Көп нерсеге уруксат берем, бирок ар дайым чегин да билем. Боенуп, чачын боеого да уруксат, бирок чеги менен. Балдарга ишенүү зарыл, эркин коюп, ошол эле убакта сөзсүз көзөмөлдөө да керек. Өзүн өстүрүп, өзүн көрсөтө билүүгө көнүшү керек бала. Бул мен үчүн чоң мааниге ээ. 

© Фото / Роза БегимкуловаДарика Асылбашева: өзүбүз телефон кармап, сүрөткө түшүп, социалдык медиада отуруп алып, балдарга гаджет, телефон кармоого тыбу салуу туура эмес. Балдар — биздин күзгү
Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом - Sputnik Кыргызстан
Дарика Асылбашева: өзүбүз телефон кармап, сүрөткө түшүп, социалдык медиада отуруп алып, балдарга гаджет, телефон кармоого тыбу салуу туура эмес. Балдар — биздин күзгү

— Жай убактыңыз болобу? Андай учурда эмне кыласыз?

— Иш убагында эч жакка чыга албагандыктан, бош болгондо дароо конок чакырам. Эч качан шерине ойнобойм. Бул убакытты текке коротмой деп эсептейм. Андай нерсе менин колумдан да келбейт. Ири долбоорлорду баштаганда: "Мени алаксытпагыла, убакыт табылганда өзүм байланышам", — деп баарына эскертем. Андай убактарда туугандарым да, курбуларым да мага телефон чалышпайт. Бош эмес экендигимди алар түшүнүшөт. Долбоорум аяктаганда конокко барып, мейман тосуп, балдарым менен киного бара баштайм.

— Балдарды тарбиялоодо жолдошуңуз менен пикир келишпестиктер болобу?

Супруги Ислам Сманов и Зарема Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. "Биз — ата-энебиз" долбоору
— Маселенин баары анын кыздарын жанынан артык көргөнүндө. Үч ханбийкеси ал үчүн дегеле кынтыксыз, аларга үнүңдү да бийик чыгарбашың керек. Атасы үчүн алардын айтканы айткан. Экөөбүз ушундан улам чыртылдаша кетебиз. Биз да үч эже-сиңди болуп өстүк, бирок бизди аябай катуу кармашчу. Катаалдык талап кылынган учурларда жолдошум кыздарына болушат. Кыздарына эч качан жок дей албайт, кыздар да аны жакшы билип алышкан. Бир жакка жибербей койсом, дароо атасынан уруксат алууга чуркашат. Ал эми жалпысынан жолдошум экөөбүздүн көз карашыбыз бир. Ал да саякаттоону сүйөт, биз менен велосипедчен сейилдөөгө чыгат. Дем алышта эч качан үйдө отурбайбыз. Апта аягында сөзсүз бир жакка барарыбызды балдар да так билет. Эч жакка барбадык дегенде эле чоң энебизден кабар алып кайтабыз.

— Сиздин кичи мамлекетиңиздин идеологиясы барбы?

— Кош бойлуу болуп, көз жарып коюу эң жеңили экенин түшүндүм. Баарынан татаал нерсе — балаңды жакшы адам, калкыңдын татыктуу кулуну кылып тарбиялоо экен. Кыргызда "ыймандуу болсун" деп коюшат эмеспи. Муну бала чагыбыздан бери эшитип келебиз, бирок этибарга албаптырбыз. Ата-эне болгондо гана ошол сөздөрдүн олуттуулугун түшүнөт экенсиң. Чыныгы мекенчил болсун, өз мекенин сүйсүн, убайын тарттырбай, урматын көрсөткөн балдардан болсун дегени тура. Социалдык медиадагы балдар жана ата-энелерге байланышкан кайгылуу окуя, көйгөйлөр мага катуу тиет. Андайларды окуганда жашымды тыя албай калам. Ар бирин өз жүрөгүң аркылуу өткөрөсүң, канткенде баланы татыктуу, кайрымдуу болуп өстүрө аларыңды ойлоносуң. Бала тарбиялоодогу максатым ушул. 

© Фото / Виктория БарАсылбашева: энелик жана турмуш куруу — оор жүк эмес, кыйналып баратсаңыз, жардам сурагандан тартынбаңыз
Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом - Sputnik Кыргызстан
Асылбашева: энелик жана турмуш куруу — оор жүк эмес, кыйналып баратсаңыз, жардам сурагандан тартынбаңыз

— Бала тарбиялоодогу кайсы ыкмаларга макул эмессиз?

— Балдаргы тыюу салуу көп нерседен коргойт деген ойдогу ата-энелер жок эмес. Балдарына гаджет, телефон карматпай, баарын көзөмөлдөп турушат. Андай тарбия ыкмасын туура көрбөйм, анткени аягы жакшыга алып келбейт. Өтө эркин кармайм. Телефон кармоого уруксат берем. Instagram баракчалары бар, анда жаман нерсе жок. Себеби заманыбыз ыкчам болууну жана жаңы багыттарды өздөштүрө билүүнү талап кылат. Эгер алар келечекте маркетолог же пиарщик болуп калышса, социалдык медиада өздөрүн кандай алып жүрүүнү билишерине көзүм жетет. Маселен, экинчи кызымдан инстаблоггер чыгат, бул ишке жөндөмү бар. Биз өзүбүз, жолдошум экөөбүз тең телефонсуз жүрбөйбүз. Улам жакшы телефон сатып алабыз. Сапаттуу сүрөттөрдү жактырабыз. Өзүбүз телефон кармап, сүрөткө түшүп, социалдык медиада отуруп алып, антпегиле деп балдарга тыюу салуунун кажети кандай. Балдарыбыз бизди көрүп чоңоет. Алар бизнести илгерилетүүдө да, дүйнө таанымды кеңейтүүдө да социалдык медианын күчүн түшүнүп, көрүп турат. Ошондуктан биз ага тыюу салбайбыз, бирок байкоо салабыз. Жолдошум экөөбүз тең алардын баракчасына жазылганбыз, эгер туура эмес болуп баратса, түздөп, айтып турабыз. Алар өз алдынчалыкка, тил табыша билүүгө үйрөнсүн дейм, анткени корголоп, баарынан обочолонто бергенден жакшы пайда чыкпасын билем.

— Биздин кыз-келиндерге эмне кеңеш бере аласыз?

Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул: үй-бүлөдө сөз бүтпөш керек, бүтсө эле бир нерсе болот
— Уюштуруучу катары дайым ар бир нерсени пландоого кеңеш берем. Балалуу болууну гана эмес, дегеле турмушту пландап алуу зарыл. Анткени бала — толугу менен энесинин күзгүсү. Эненин сүйүүсү, мээрими менен гана бала толук өсүп-жетиле алат. Ошол себептен, эне кош бойлуу кезден тарта баласы кандай болуп чоңоерун пландоого тийиш, Кудайдан сурап алгандай. Мисалы, боюмда барда баламдын сүйкүмдүү, акылдуу болушун сурар элем. Ошондой эле болду! Баары орундалат! Сырткы келбетин гана тургай, мүнөзүн, келечекте ким болорун да пландаган оң. Жакынкы, кийинки келечегине карата тилегиңиз чын дилден айтылышы керек. Энелик мээримдин күчүнө ишенем!

Белгилүү кишилердин ийгилик сырлары тууралуу окуганымда энеси кандай ийримдерге катыштырганына, баласына кандай мээрим төккөнүнө көп көңүл бурам. Менин жашоомдо да апамдын ролу эбегейсиз. Анын ишеними, "өзүңө ишен, багынып бербе" деген кеби дайым кулагымда жаңырат. Үйдө отурбай, иштешим керектигин, ошондо баары иретке келерин айтчу. Балким, ошондуктан иш мага өзүнчө бир керемет, ал эми кош бойлуулук табигый жана утурумдук нерсе катары туюлгандыр. 

© Фото / из личного архива Дарики АсылбашевойИшкер: апамдын ишеними, "өзүңө ишен, багынып бербе" деген кеби дайым кулагымда жаңырат.
Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: апамдын ишеними, "өзүңө ишен, багынып бербе" деген кеби дайым кулагымда жаңырат.

Жашоодо баары дал өзүм пландагандай нукта. Турмушка чыгардан мурун эле эки бала төрөп, анан бир аз тынып, карьера жасап алып, жети жылдан кийин үчүнчү перзент көрөм дегем. Дал кыялданганымдай болду. Ал тургай, жолдошум боюнча да пландагам. Өзүмдөн улуу, жерлиги Чүй районунан, өзүнчө жашайбыз, анын батири жана машинасы болот дечүмүн. Ошондой эле анын музыкага жакын болушу мен үчүн маанилүү болчу. Мен өзүм музыканы жан дилим менен сүйөм, чыгармачыл адамдарды аябай жакшы көрөм. Баары орундалды!

Жаштар арасында көзгө басар комузчулардын бири Закирбек Дүйшөнбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Закирбек Дүйшөнбек уулу: эки кол чабылмайын үн чыкпайт, ажырашкым келген эмес
Аял өзүн эч качан унутпоого тийиш. Өзүн карабастан, баарын балдарына арноо жакшы эмес. Анда бактысыз болуп каласыз, ал эми бактысыз эненин үй-бүлөсүнөн бакыт качат. Эгер аял бактысыз болсо, анда балдары да, күйөөсү да, бүтүндөй үй-бүлөсү да бактысыз турмуш кечирет. Андыктан, эч качан өзүңүздү таштап койбоңуз. Энелик жана турмуш куруу — оор жүк эмес, кыйналып баратсаңыз, жардам сурагандан тартынбаңыз. Кыйынчылыктан коркпоңуз, өзүңүздү аябаңыз. Эмгекчил болуш керек, эң негизгиси — убакытты текке кетирбей, маселен, бир саат боенбостон эле дайым тыкан, өз күнүңдү туура бөлүштүрө билүү абзел. Бардык ата-энелерге күч-кубат тилейм. Ата-энелик вазыйпа — чоң жоопкерчилик. Ар бир ата-эненин сүйүүсү, мээрими ар бир балага жетиштүү болсун. Балдар биздин бактыбыз, жашообуздун маңызы ошолор экенин, алар үчүн жашарыбызды эч эстен чыгарбайлы!

Программанын аудио версиясын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринен ар бейшембиде, саат 16.00дө уга аласыздар.

Маек "Биз – ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул – ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлө институтун жана калктын саламаттыгын бекемдөө максатында үй-бүлөнү жаңылбай куруу, аны менен бирге эле кош бойлуулук, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо боюнча маалымдуулукту арттырууну көздөйт. Программада акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун пайдалуу кеңеш, сунуштары да камтылат. Мындан сырткары, рубрикада ийгиликке жеткен жана оор кырдаалга кептелгендердин ата-энелик вазыйпасы тууралуу маектери да орун алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0