Кош бойлуулар балыктын майын жеши керек. Пайдасы эмнеде

Жазылуу
Омега-3 май кислоталары Fusobacterium nucleatum бактериясын жоготууга жөндөмдүү келет экен

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Балыктын майы бойдон түшүү, баланын айына жетпей же өлүү төрөлүү кооптуулугун азайтат. Колумбия университетинин медиктеринин бул тууралу макаласы JCI Insight журналына чыкканын РИА Новости жазды.

Жогорудагы коркунучтар бактериалдык инфекцияларга байланыштуу экени аныкталып, бирок алар кантип пайда болуп өрчүп кетери белгисиз болчу.

"Адамдын ооз көңдөйүндөгү Fusobacterium nucleatum түрүндөгү оору чакыруучу микробдор түйүлдүктүн өрчүшүнө таасир этерин аныктап жатып күтпөгөн жыйынтыкка келдик. Көрсө, омега-3 май кислоталары бул бактерияны жоготууга жөндөмдүү келет экен. Бул балыктын майында абдан көп", — дешти илимпоздор.

Омега-3 адамдын ден соолугу үчүн коопсуз экенин эске алуу менен окумуштуулар бала күтүп жаткан энелерге аны көбүрөөк ичүүнү сунушташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0