Милиционер менен жаңжалдашкан Балыкчынын прокурору кызматтан алынды

© Sputnik / Жоомарт УраимовМушташ. Архив
Мушташ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Балыкчы шаарынын прокурорун, анын жардамчысы жана жардамчы-стажерун кызматтан кетирди. Бул туурасында башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жунушалиев былтыр жазаланган ИИМ кызматкерлеринин санын айтты

Башкы прокуратура Балыкчы шаарынын жол инспекторлору жана прокуратуранын кызматкерлеринин жаңжалы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарган.

Окуядан кийин милиционер ооруканага жаткырылган. Прокуратура тарабынан ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда ишти УКМК карап жатат.

"Кызматтык териштирүүнүн алкагында Жол кыймылы коопсуздугунун кызматкерлеринин төшүндөгү камерасына жазылган видео каралган. Натыйжада жол инспекторлору да, прокуратуранын кызматкерлери да мыйзамга каршы иштерди жасаганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Балыкчы шаарынын прокурору жана анын жардамчысы терс жоруктарды жасап прокуратура органына көлөкө түшүргөн деген кине менен кызматтан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0