Токмоктогу психоневрологиялык мекемеге 70 миң долларлык көмөк көрсөтүлдү

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүКольская центральная районная больница
Кольская центральная районная больница - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грантты Япониянын өкмөтү берген.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык мекемеси 70 765 долларлык жардам алды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мындай колдоо Япония өкмөтүнүн "Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу" аттуу программасынын алкагында көрсөтүлдү. Грант-келишимге 2019-жылдын 19-январында кол коюлган.

Көрсөтүлгөн каражатка төмөнкү буюмдар алынган:

— 20 даана уктоочу керебет;

— кийим үчүн төрт шифоньер;

— ашканага 30 даана стол;

— 120 даана отургуч;

— килемче — 250 метр;

— жети даана килем;

— кургаткыч аппарат;

— өндүрүштүк муздаткыч;

— линолеум — 702 чарчы метр;

— брусчатка – 5192 чарчы метр.

Жаңылыктар түрмөгү
0