Акжол Махмудов олуттуу жаракат алды. Операциясына ири суммадагы акча керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан машыгуу учурунда футбол ойноп жатып жаракат алган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Балбан Акжол Махмудов бутунан жаракат алып, ага операция жасатуу талап кылынууда. Бул маалыматты спортчунун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов тастыктады.

Анын айтымында, Махмудов бутун машыгуу учурунда футбол ойноп жатып жабыркатып алган.

"Акжолдун атасы Германияга алып барып операция жасатам деп жүрөт. Ал жакка канча каражат кетерин билбейм. Мен ага Новосибирскиге барсаң 5000, Москвада 3000 долларга операция жасоого болорун айткам. Бир бүтүмгө келе элек болчу. Келечекте кыйналып калбашы үчүн азыр дарылатып коюшубуз керек", — деди машыктыруучусу.

Ошондой эле ал учурда Акжол Махмудов ооруканада эместигин жана өзү басып жүргөнүн кошумчалады. Операция ийигиликтүү аяктаса, эки-үч айдан кийин кайра күрөшкө чыга ала турганын билдирди.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги балбандын Германиядагы операциясына 1,5 миллион сом керектелиши мүмкүндүгүн айтууда.

Акжол Махмудов өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. Соңку ирет өткөн айда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып баш байгени уткан. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0