Бишкектин чок ортосуна 140 орундуу бала бакча курулат

© пресс-служба мэрии города БишкекОткрытие первого детского сада в столичном жилом массиве "Колмо"
Открытие первого детского сада в столичном жилом массиве Колмо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакчаны долбоорлоого 1 миллион 446 миң 46 сом жумшоо пландалып жатат.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы Тыныстанов көчөсүнө курула турган бала бакчаны долбоорлоого тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган бакча 140 балага ылайыкташкан.

Бакчаны долбоорлоого 1 миллион 446 миң 46 сом жумшоо пландалып жатат. Сынакка катышууга арыз 27-февралга чейин кабыл алынат.

Аткарыла турчу иштер мэриянын расмий сайтында толук жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0