Учурда Мамлекеттик кадр кызматынын улуттук резервинде 33 гана киши бар

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР
Визит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы болгон конкурстун жыйынтыгында болгону 35 гана киши тандалып алынган.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Акрам Мадумаров учурда мамкызматтын улуттук резервинде 33 гана киши бар экенин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлдөрү бүгүнкү жыйында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулашты. Ал экинчи окууга киргизилет.

Мадумаров ошондой эле мыйзамга ылайык, кадрлардын резерви ички жана улуттук болуп эки бөлүктөн турарын айтты.

"Улуттук резерге талапкерлерди алуу Кадр кызматы тарабынан конкурстук негизде өткөрүлөт. 2018-жылы сынак болуп 800гө жакын киши катышкан. Алардын ичинен 35ти гана тандап алганбыз. Азыркы учурда улуттук резервде 33 киши турат", — деди ал.

Депутаттар Мамлекеттик кадр кызматынын резервине талапкерлерди көп алуу керектигин, кадр жетишпеген жерлерге жиберүүнүн жол-жобосун иштеп чыгуу зарылдыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0