Депутат: Эреже бузуулар жөнүндөгү кодексти кайра жазганыбыз оң

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эреже бузуулар кодексинде жалпысынан 346 берене бар.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров толуктоо киргизилип жаткан Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин дээрлик бардыгына өзгөртүү киргизилип жатканын айтып, анын ордуна жаңы эле кодекс жазып чыкса кыйла жакшы болмоктугун парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Депутаттар "Кыргыз Республикасынын Эреже бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал экинчи окууга киргизилет.

Эл өкүлү Эреже бузуулар кодексинде 346 берене бар экенин белгиледи.

"Мына, карап көрсөк, 29-беренеден баштап 346-беренеге чейин өзгөртүү киргизилип жатыптыр. Өзгөрүү кирбеген беренелер жок. Ушинтип өзгөрткөндөн көрө жаңы жазып чыкпайт белек. Жаңы рекдакция сунуштайлы. Негизи мыйзам бар да, эгер 30 пайыздан ашык өзгөртүү болсо, ал жаңы болушу керек, туурабы?" — деди ал.

Депутат мыйзам долбоору экинчи окууга келгенине карабай бир катар кемчиликтер бар экенин белгиледи.

 Заместитель министра внутренних дел Курсан Асанов  - Sputnik Кыргызстан
Министрдин орун басары: түкүрүк деген сөз жокко чыгарылат, бирок...

"Экинчи окуудан өткөндөн кийин үчүнчү окууда өзгөртө албайбыз. Дагы деле катачылыктар кетип жатпайбы", — деди депутат.

Талкуу учурунда депутат Мыктыбек Абдылдаев 53-беренеде "түкүргөндөрдү транспорт министрлиги тескейт" деп жазылып калганын, бул мыйзам долбоорундагы коллизия экенин айтты.

Өз кезегинде Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко чындап эле ушундай нерсе бар экенин, бирок комитеттин жыйынында "түкүргөндөрдү тескөө милдети Ички иштер министрлигине берилет" деп белгиленгенин айтып ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0