Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

ЖК депутаттарынын компьютерлерин милицияга берүү сунушталды

Жазылуу
Жарандык активист 120 депутаттын 30у гана иштегендиктен, калган компьютерлер бош турганын белгиледи.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары колдонгон компьютерлердин жарымын милиция кызматкерлерине берүү керек. Мындай сунушту Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо "Гражданский союз" коомдук бирикмесинин мүчөсү Галина Давлетбаева билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары милиционерлер өздөрү мыйзамды бузуп жаткан учурларды, начар сапаттагы кызмат көрсөтүүлөр жана укук коргоо органдарына болгон материалдык колдоонун жоктугун талкуулады.

Давлетбаева ИИМ милициянын иштешине эч кандай шарт түзбөгөнүн белгиледи.

"Аймактык тескөөчүлөр кантип иштеп жатканын карап көргүлөчү. Алар жылууланбаган вагондо отурушат. Компьютер, принтерлери да жок. Кызматкерлердин бири үйүндөгү компьютерин көтөрүп келиптир. Бизде 120 депутат бар, алардын 30у гана иштейт. Ошолордун компьютерин аймактык тескөөчүлөргө бергиле", — деп Давлетбаева экс-спикер, азыркы депутат Чыныбай Турсунбековго кайрылды.

Эл өкүлү компьютерлерди өткөрүп берүү менен көйгөйдү чечүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Жаңы жетекчилерди министрликтин борбордук аппаратына ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары Курсан Асанов тааныштырды - Sputnik Кыргызстан
ИИМдеги кадрдык өзгөрүүлөр. Ким кайсы кызматка дайындалды
"Эгер бүгүн аймактык тескөөчүлөргө компьютерлерди өткөрүп берсек эле алар аялдарды кордобой же жол кырсыгына кабылбай калбайт да. Биз депутат катары реформа жасайм деген министрликке талапкерлерди ар дайым колдоп келдик. Тилекке каршы, ар бир талапкер тоодой иштерди убадалап, бирок аткарбай жатат. Андыктан Жогорку Кеңешти күнөөлөө туура эмес", — деди экс-спикер.

Ал эми ИИМдин өкүлү Мирлан Карачалов Давлетбаеванын кебин четке кагып, ар бир тергөөчүнүн кабинетинде жана нөөмөт бөлүмдөрүндө компьютерлер бар экенин белгиледи.

Муну менен катар жакында милиционерлердин маянасы жогорулай турганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0