ТЭЦ боюнча Жээнбеков да текшерилеби? Коопсуздук кеңешинин жообу

Жазылуу
Сапар Исаковдун адвокаттары ТЭЦ боюнча Сооронбай Жээнбековду да, Асылбек Жээнбековду да текшерүүнү сунушташты.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти ТЭЦти модернизациялоо боюнча иштин алкагында текшерүүгө алынбайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында айтты.

Иш-чарада журналисттердин бири Сапар Исаковдун адвокаты ТЭЦтин иши боюнча Асылбек Жээнбеков менен үч парламенттик комитеттин жетекчилерин текшерүүнү сунуштаганын айтты. Мында ратификация учуру кеп болууда. Андан сырткары, ТЭЦти ишке киргизип жаткан учурда өкмөттү жетектеп келген Сооронбай Жээнбековду да текшерүүгө алуу белгиленген.

"Бул факты боюнча текшерүү болбойт. Кылмыш иши тергелип бүттү, ал 53 томдон турат. Далил көп", — деди Сагынбаев.

Буга чейин катчы экс-президент Алмазбек Атамбаев жоопкерчиликке тартылар-тартылбасын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0