Парламентте "Эркиндик" бульварында жүргөн иттердин маселеси көтөрүлдү

Жазылуу
Эл өкүлү аталган жай парк эмес эле иткана болуп калганын билдирди.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Бишкектин көзгө басар бульвары болгон "Эркиндиктеги" абалга мэрия көз салып, тартипке салышы керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Эл өкүлү аталган жай парк эмес эле иткана болуп калганын билдирди.

"Биздин мактана турган паркыбыз "Эркиндик" эле. Ошону саат 7де аралап бассаңыз, иттен көп нерсе жок, адамдан ит көп. Газондорду булгап жатат, аны тазалаган эч ким жок. Иттин ээлери аны каргы такпай жетелеп жүрөт. Андан сырткары, жолбун иттер көбөйүп кетти. Парктын жанында мектеп бар, балдар барып ойнойт. Илгери ит атарлар болчу, бүгүнкү күндө бульвардын ичи иткана болуп эле баратат. Ушуга тапшырма бериңиздер, адап-ахлакка да жарашпайт!" — деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жолдошбаев карышкырларды эми танк менен атууну сунуштады
Ал ошондой эле иттер газонду булгап кеткенден кийин жайында ал жакка балдар барып ойной турганын айтып, эхинококк өңдүү жаман ооруларга чалдыгуу ыктымалдыгы күч экенин кошумчалады.

"Мэрияга тапшырма берип, кароосуз жүргөн иттерди аттырып, жоготчусун жоготуп, тартипке салыш керек. Ээлери итинин артынан тазаласын, каргы таксын", — деди эл өкүлү.

Рыспаев ошондой эле паркта жүргөн башка кишилер коркпой сейилдеши керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0