Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслованын үлпөт тоюндагы сүрөттөрү

© AFP / Anthony WALLACEЖеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова. Архив
Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун болочок жолдошу ал Азиада оюндарынан кайтып келери менен аэропорттон үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова үлпөт тоюндагы сүрөттөрүн Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Дарья Маслова (@maslova_daria_1995) 6 Фев 2019 в 5:57 PST

Ал сүрөттөрдүн алдына жолдошуна болгон сүйүүсүн жазган.

Спортчунун айтымында, күйөөсүнүн аты Александр Бакалов, ал 23 жашта. Алар төрт жыл сүйлөшкөн. Үйлөнүү тою 21-ноябрда Бишкекте өткөн.

Былтыр Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында Маслова алтын жана күмүш байге алган. Спортчунун болочок жолдошу ал Азиада оюндарынан кайтып келери менен аэропорттон баш кошууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0