Онг Бактай сокку узатат деген Эрлан: видеом популярдуу болуп кеткенине таң калдым

© Фото / Замирбек АшимовЭрлан Жанышбек уулу Nomadstunts каскадерлор тобунун мүчөсү, трикинг өнөрүнүн чебери
Эрлан Жанышбек уулу Nomadstunts каскадерлор тобунун мүчөсү, трикинг өнөрүнүн чебери  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта башында белгилүү делген Menwithhealt Instagram аккаунту кыргызстандык жигиттин күч өлчөгүч аспапта буту менен укмуштуудай соккуларды узатып жаткан видеосун жүктөгөн. Бишкектин чок ортосунда тартылган видео аз убакытта көрүүчүлөрдү топтоп, жылуу пикир жарата алды. Жигитке карата "Онг Бак" тасмасындай", "Жеки Чан го" деген билдирүүлөр көп түшкөн.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы видеонун каарманын таап, интернет аркылуу маек курду. Ал Nomadstunts каскадерлор тобунун мүчөсү, трикинг өнөрүнүн чебери Эрлан Жанышбек уулу экендиги белгилүү болду.

— Menwithhealt Instagram аккаунтунда комментарий калтыргандардын бири сизди каратист го десе, экинчиси таэквондочу дейт... Деги кайсы уруш өнөрүнүн ээсисиз?

— Бул өнөр трикинг деп аталат. Ал өзүнө спорттун гимнастика, карате-до, ушу, кунг-фу, акробатика түрлөрүн камтыйт. Ал эми трикинг менен машыккан адамды трикер, трикстер деп аташат. Бул өнөр Кыргызстанга 2006-жылы келген. Ошондон бери Азамат Абылаев, Самат Бекбаев жана мен алектенип келебиз. Азыр окуучуларды дагы тарбиялап жатабыз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @menwithhealth

— Трикингди биздин өлкөнүн көчөлөрүнөн көргөзсөңүз, эл аябай таң калып карап, видеого тартып башташса керек?

— Негизи мен Бишкекте деле болбойм. Чет мамлекеттин көчөлөрүнөн деле трикинг тартууласаң, айланаңа көп киши топтой аласың.

Ал эми Menwithhealt Instagram аккаунтуна жүктөлгөн видео тууралуу айтсам, аны көчөдөн өтүп бара жаткан балдарга тарттыргам. Бирок бардык эле күч өлчөгүч аспаптардын ээси тептирүүгө макул болгон эмес. Бир байке "туура эмес тээп, аспапты сындырып алсаңчы, адатта кол менен чабышат" деп баш тарткан. Кийинки байкеге барсам "макул, бирок бир сокку узаткан 20 сом, сен бир нече сокку жасайт экенсиң, 5-6 эсе акчасын бересиң" деп жатып макул болгон. Видео тез эле белгилүү болуп кетет деп ойлобоптурмун. Таң калып жатам. Мындан башка деле, мисалы, жаратылышта, залда, кино талаасында тартылган видеолорум бар болчу.

© Фото / из личного архива Эрлана Жанышбек уулуЭрлан Жанышбек уулу Nomadstunts каскадерлор тобунун мүчөсү, трикинг өнөрүнүн чебери
Онг Бактай сокку узатат деген Эрлан: видеом популярдуу болуп кеткенине таң калдым - Sputnik Кыргызстан
Эрлан Жанышбек уулу Nomadstunts каскадерлор тобунун мүчөсү, трикинг өнөрүнүн чебери

— Бирок дароо эле трикингге келип калбасаңыз керек да?

— Бала кезимде атам үч жыл бою бокска берген. Анан 7 жыл акробатика, 2 жыл таэквондо менен алектендим. 13 жылдай трикинг менен алектенип, Россиянын үч жолку жана Азиянын бир жолку чемпиону болдум.

— Трикинг боюнча бизде мелдештер өтөбү?

— Бул спортко кызыккан жаштар көп. Илгери биз Бишкекте өткөрүп турчубуз. Трикингди өнүктүрүү үчүн федерация жана бардык шарты менен залдар керек. Мурда биз трикингди жайылтабыз деп ЖКнын депутаттарына чейин кайрылганыбызда майнап чыккан эмес. Трикинг Россия, Амстердам, Америка, Германияда жакшы өтөт.

— Комментарийлерде сиздин трюктарыңыздын стилин Онг Бакка, Жеки Чанга окшоштургандар болду. Өзүңүз кандай кабыл аласыз?

— Онг Бак менен менин стилимди салыштырып болбойт. Экөөбүздүн трюктарыбыз, ыкмаларыбыз ар башка. Экинчиден, мындай трюктарды Онг Бакка чейин эле башка спортчулар жасап келишкен. Ал бул спорттун жайылышына салымын кошту.

© Фото / Замирбек АшимовЖанышбек уулу: "Властелин колец" киносу тартылган Жаңы Зеландия шаарындагы Хоббитон айылына барып, абдан таң калуу менен кайттык. Чыныгы жомоктогудай жер экен!
Онг Бактай сокку узатат деген Эрлан: видеом популярдуу болуп кеткенине таң калдым - Sputnik Кыргызстан
Жанышбек уулу: "Властелин колец" киносу тартылган Жаңы Зеландия шаарындагы Хоббитон айылына барып, абдан таң калуу менен кайттык. Чыныгы жомоктогудай жер экен!

— Интернеттен каскадер экениңизди окудум. Кайсы жактын кинолоруна тартылдыңыз?

— Мен Nomadstunts каскадерлор тобунун мүчөсүмүн. Команда менен бир нече тасмага тартылдым. Эң ири жетишкендигим Голливуд киносуна түшүү болду. Тагыраагы, 2018-жылы Жаңы Зеландияда жайгашкан "Дисней" продакшн студиясынын "Мулан" аттуу тасмасында каскадер катары оор трюктарды аткарганбыз. Мени менен кошо төрт киши барган. Ал жактан Донни Йен, Жейсон Скотт Ли өңдүү дүйнө жылдыздары менен аралашып жүрдүк.

"Властелин колец" киносу тартылган Жаңы Зеландия шаарындагы Хоббитон айылына барып, абдан таң калуу менен кайттык. Чыныгы жомоктогудай жер экен!

Мындан тышкары, россиялык "Тобол", казаксандык "Райондор", "Казак баатырлары, "Тыюу салынган бийлер", "Томирис" тасмаларында каскадерлукту аркаладым.

© Фото / Эрлан Жанышбек уулуЭрлан Жанышбек уулу: 2018-жылы Жаңы Зеландияда жайгашкан "Дисней" продакшн студиясынын "Мулан" аттуу тасмасында каскадер катары оор трюктарды аткарганбыз
Онг Бактай сокку узатат деген Эрлан: видеом популярдуу болуп кеткенине таң калдым - Sputnik Кыргызстан
Эрлан Жанышбек уулу: 2018-жылы Жаңы Зеландияда жайгашкан "Дисней" продакшн студиясынын "Мулан" аттуу тасмасында каскадер катары оор трюктарды аткарганбыз

— Каскадер Адилет Акматов бизге берген маегинде "50дөн ашык жаракат алып, өзүм кошо өрттөнүп кеткем" деп айтып берген. Сизде да жаракат алган учурлар болгонбу?

— Каскадерлук чеберчилик жагынан Адилет байкебизге тең келе албайбыз. Андай адамдар Кыргызстанда жок. Өтө оор жаракат алган жокмун. Бир ирет кабыргам сынган, башымдын эки-үч жеринде чоң тырыктар бар. Манжаларым чыгып кеткен учурлар көп болот.

— Кайсы жердин кулуну болосуз жана үй-бүлөңүз тууралуу учкай айтып бересизби?

— 1991-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылында төрөлгөм. Ата-энем айылда. Көп бир тууганмын. Үйлөнө элекмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0