Бакиевдерге таандык мүлктүн сатылышын комиссия дагы жарым жыл иликтейт

© AP Photo / Sultan DosaliyevКурманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев. Архив
Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Канат Исаев комиссия былтыр айрым себептерден улам ишин аткара албаганын билдирди.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Максим Бакиевге тишелүү Бишкектин Скрябин көчөсү, 45-45 "А" дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 1,28 гектар жер тилкесин, ошондой эле Курманбек Бакиевдин айланасындагыларга мурда тиешелүү болгон башка объектилерди сатуу фактыларына тийиштүү маселелерди иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2019-жылдын 30-июнуна чейин узартылды.

Мындай чечим Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынып, 96 депутат макулдугун берди.

Комиссиянын төрагасы Канат Исаев комиссия былтыр айрым себептерден улам ишин аткара албаганын билдирди.

"Дагы кошумча маалыматтар чыгып жатат. Ал боюнча чет мамлекетке дагы барып келдик. Комиссиянын ишин аягына чыгарып коюш үчүн мөөнөттү узартып коюуну суранам. Финансылык чалгындоо кызматынын, УКМКнын чет өлкөгө берген сурамдарынын жооптору келиш үчүн 30-июнга чейин узартып берип коюңуздар", — деди депутат.

Рабочая встреча глав государств центрально-азиатского региона и России - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевди Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгарууга буйрук берген деп айыптаган.

Ошондой эле Максим Бакиевдин ишенимдүү адамына тиешелүү камакта турган мүлктү (Скрябин көчөсү 45-45 "А" дарегиндеги имарат) өткөрүп берүү фактысы боюнча иш козгогон. Кийин бул кылмыш иши токтотулган болчу.

Аталган окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн депутат Канат Исаев башында турган депутаттык комиссия түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0