Жээнбековдун айымдарга кол чатыр кармап берип бараткан сүрөтү талкууга түштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГлава государства Сооронбай Жээнбеков посетил две столичные школы — № 69 и № 12
Глава государства Сооронбай Жээнбеков посетил две столичные школы — № 69 и № 12 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы бүгүн Бишкектеги билим берүү мекемелерине барган.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбеков кол чатыр кармап жанында бараткан аялдарды кардан коргошу кызуу талкуланууда.

Аталган сүрөттөрдү өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган.

Президент бүгүн Бишкектеги №98 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн барган. Сүрөттөгү аял ошол лицейдин директору Нуриса Иманкулова экени белгилүү болду.

Социалдык тармактан сүрөттү көргөндөр "Жээнбеков — жентльмен" деген пикирлерди көп жазышууда.

Дагы бир колдонуучу муну "жакшы пиар" деп сыпаттаган. 

Мамлекет башчынын кол чатыр кармап турган дагы бир сүрөтү жарыяланды. Анда ал Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору Сайрагүл Атаева менен көчөдө басып бара жаткан.

Ал эми Дана Алымова аттуу Instagram атуу колдонуучу муну чыныгы жигиттик сапат деп баалаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от DANA DAMN (@danaalymova)

Буга чейин да мамлекет башчынын сол колуна кол чатыр кармап алып аэропортто аткаминерлер менен учурашып жаткан сүрөтү тараган

Андан мурда Бишкектин мурдагы прокурору Нурлан Сулайманкуловго жардамчысы аркасында кол чатыр көтөрүп турган сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткен. Мындан улам аны "бай-манап" деп жемелегендер көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0