Франциянын хорсболчу кыз-келиндери кыргыз жигиттери менен беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогулдагы хосбол чемпионаты. Архивдик сүрөт
Токтогулдагы хосбол чемпионаты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын хорсбол боюнча салтка айланган чемпионаты 22-февраль күнү Токтогулда өтөт.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Франциянын хорсбол боюнча кыз-келиндердин курама командасы Кыргызстанга келип, оюн көрсөтөт. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КРдин Хорсбол федерациясынын жетекчиси Мунарбек Кулданбаев билдирди.

Анын айтымында, чемпионат 22-февраль күнү Токтогулда өтөт. Алгач Франциядан эркектердин командасы гана келери маалымдалган.

ОИ - 2012. Баскетбол. Женщины. Матч сборных Австралии и России - Sputnik Кыргызстан
Биринчи орунга 40 миң сом! Студенттер спорттун 18 түрү боюнча күч сынашат
Кулданбаев мелдешке жергиликтүү 8 команда катышарын айтып берди. Жеңүүчү аныкталгандан кийин суперфиналда Франциянын күчтүү делген кыз-келиндеринен жана эркектерден турган курама команда менен беттешет.

Турнирге мейман катары Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру жубайы менен, ЖК депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү чакырылган.

Хорсбол — франциялык спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону оюн ат үстүндө ойнолот. Атаандашынын алкакчасына көп топ таштаган команда жеңишке жетет. Ар бир топто төрттөн киши болуп, 10 мүнөттөн эки тайм ойношот.

Жаңылыктар түрмөгү
0