Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча маалымат таратты

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу. Архив
Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашууларда учурда кар жаап жатат. Жол кызматтары трассаны тазалап, инерттүү материалдарды себүүдө.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ушу тапта Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашуулары ачык, тыгын жок. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жерлерде кар жаап жатат, бирок жол кызматтары трассаны тазалап, инерттүү материалдарды себүүдө.

"Учурда Казарман — Акталчат жолунун 30-44 жана 76-82- чакырымдарында жол кыймылы убактылуу токтоду. Эки бульдозер жолду тазалап жатат. Ашуу ашып жүрө турчу айдоочуларга сапардан баш тарта турууну сунуштайбыз. Эгер жолго чыгуу керек болсо чынжырча, май, керектүү жабдууларды алуу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, түндөн тарта жааган калың кардан улам "Манас" аэропорту да убактылуу ишин токтотту.

Жаңылыктар түрмөгү
0