Кыргыз элчиси балчыларды Катардагы жарманкеге чакырды

© Фото / Кудайберген НурбаевФестиваль меда в Кара-Кулже
Фестиваль меда в Кара-Кулже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар бекер мейманкана, бекер сактоочу жай, аэропорттон алып кетүүгѳ бекер кѳлүк беришет.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев Доха шаарында өтө турган бал боюнча эл аралык жарманкеге кыргызстандык балчыларды чакырды. Бул боюнча ал Facebook тармагындагы аккаунтуна жазды.

"Доха шаарында 28-февралдан 7-мартка чейин "Сук Вакиф" бал кѳргѳзмѳсү ѳтѳт. Араб элдерине кеӊири белгилүү болуп калган кыргыз балынын ар кандай түрүн алып келсеӊиздер болот. Уюштуруучулар бекер мейманкана, бекер сактоочу жай, аэропорттон алып кетүүгѳ бекер кѳлүк беришет. Каттоо башталды, ошондуктан тезирээк уюштуруучулар менен байланышкыла", — деген Ниязалиев.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Париж, Дубай, Анкарага жөнөтүлгөн товарлар. Чет өлкөдө таанымал кыргыз бренддери
Элчи кызыккан тараптар болсо, алардын интернет баракчасынан телефондорун, даректерин таап байланышып, маалыматты тактап алууну кошумчалаган.

Кыргыз балы дүйнөлүк рынокто аздыр-көптүр таанымал болуп калган продукциялардын катарына кирет. Кыргызстандык көптөгөн балчелекчилер өз продукцияларын Түштүк Кореяга, Японияга, Монголияга, Араб мамлекеттерине сатып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0