ЖКдагы депутаттардын арасында кылмышкерлер барбы? Министрдин жообу

Жазылуу
2014-жылы ошол учурдагы ички иштер министри кылмыштуу топторго тийиштиги бар депутаттардын атын атаган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев журналисттер үчүн берген маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып, милицияда Жогорку Кеңеште депутат болуп отургандардын арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар деген маалыматтын жоктугун айтты.

Журналисттер 2014-жылы ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев кылмыштуу топторго тийиштиги бар депутаттардын аттарын атаганын эске салып, "учурдагы депутаттардын арасында ошондойлор барбы?" деп суроо беришти.

"Мурдагы министрдин айткандарына комментарий бере албайм. Талапкерлер Жогорку Кеңешке келип депутат болушу үчүн текшерилет", — деди министр.

Жунушалиев ошондой эле эгер киши парламентке депутат болуп келсе, демек ИИМдин маалымат борборунда ага компромат болчу маалыматтар жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0