Насвай менен тамекиге тыюу салуу сунушталды. Жаңы мыйзам долбоору

© Sputnik / Табылды КадырбековТамеки чегип жаткан адам. Архив
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө жасалган сурамжылоо улуулардын, тагыраагы, эмгекке жарамдуу элдин 85 пайызы коомдук жайларда тамеки чегүүгө салынган тыюуну колдой турганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жер үйлөрдөн башка имараттардын бардыгында тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.

Ал "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору. Буга Алмаз Токторов, Айнуру Алтыбаева, Асылбек Жээнбеков, Нурбек Алимбеков, Таабалды Тиллаев, Жыргалбек Турускулов, Дүйшөн Төрөкулов, Канатбек Керезбеков, Аида Исмаилова, Карамат Орозова, Айнура Осмонова жана Махабат Мавлянова демилгечи болгон.

Документтин авторлору чылым менен насвай Кыргызстандагы майыптык менен өлүмдүн бирден-бир себепкери деп эсептешет.

Тамекиге каршы күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатка карабай, тамеки буюмдарын керектөө менен шартталган жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу экономикалык чыгымдар 10 миллиард сомдон ашкан. Андыктан парламентарийлер коомдук жайлар менен иштеген жерлерде, транспортто жана коомдук тамактануу жайларында зыяндуу адатка тыюу салууну көздөп жатат.

Жыл сайын 30 жаштан ашкан эркектер арасындагы өлүмдүн 22 пайызы жана аялдар арасындагы өлүмдүн 5 пайызы тамеки чегүү себебинен болот. Ар кандай локализациядагы рак оорусунан каза тапкан эркектердин 40 пайызы жана 30 жаштан ашкан адамдардын дем алуу системасынын рагынан көз жумгандардын 90 пайызы тамеки чегүүдөн каза тапкан.

Тамеки чегүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамеки чегүүгө болбой турган жерлер. Мыйзамдагы урунттуу учурлар

Кыргызстанда жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, эмгекке жарамдуу курактагы кишилердин 85 пайызы коомдук жана иш орундарда, анын ичинде ресторандар жана барларда тамеки чегүүгө толук тыюу салууну колдошот. 80 пайызы мектеп тегерегинде жана бардык коомдук жерлерде тамеки чегүүгө мыйзам аркылуу тыюу салуу керек деп эсептейт. Бул маалыматтар мыйзамдын негиздемесинде жазылган.

Парламентарийлер кызыгып көргөндө, ишкерлер юридикалык жактар тамеки чеккен жана тамеки чекпеген адамдар үчүн өз алдынча эки бөлмө камсыз кыла албастыгын айтышкан.

Сурамжыланган ишкерлердин 96 пайызы тамактануу бөлмөлөрдө жана имараттарда тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салууга кошулат. Анткени тамеки чегүүгө уруксат берилген кафе жана барларда (тамеки чеккендер үчүн өз алдынча бөлмөлөрү бар) ошол ишканалардын 100 пайызы тейлеген кызматкерлери түтүндүн таасирине кабылат.

Мыйзам долбоордун жаңылыгы — тамеки буюмдардын бардык түрүн, анын ичинде насвай, кальян аркылуу тамеки чегүү, ошондой эле электрондук тамеки керектөөнү көзөмөлдөө.

Мындан сырткары, мектептерге жакын жайгашкан соода түйүндөрүнүн 63 пайызында чылымдан башка насвай да сатылары аныкталган.

"Балдардын көңүлүн буруу максатында сигареттерди баланын көзүнүн деңгээлине (1 метрге жакын) жайгаштыруу мектепке жакын жайгашкан дүкөндөрдүн 90 пайызында колдонулат. Соода түйүндөрдүн 60 пайызынан көбүрөөгүндө тамекилер балдар үчүн кеңири керектелүүчү товарлардын жанына жайгаштырылат", — деп айтылган маалыматта.

Демилгечи депутаттар белгиленген долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин алдын алат дешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0