Аккан майдын изин кууп... Көлдө өспүрүмдү коюп качып кеткен айдоочу кармалды

Жазылуу
Кырсыкка себепкер унаанын майы агып калган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Милиция кызматкерлери окуучу баланы койдуруп кетти деп шектелген адамды кармаганын Ысык-Көл ОИИБ билдирди.

Эскерте кетсек, 4-февраль күнү Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 14 жаштагы баланы унаа коюп кеткен. Айдоочу из жашырып кеткени айтылган. Өспүрүмгө медициналык жардам көрсөтүлгөн, бүгүн аны Бишкектеги ооруканалардын бирине алып келишти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелген киши Тоңдун Жер-Үй айылынын 22 жаштагы тургуну экени аныкталган.

"Ал унаасын Бөкөнбаев айлынын четиндеги кашарга жашырып койгон. Бирок машинасынын майы агып калган. Шектүү ошол майдын изи менен табылды", — дешти милициядан.

Наркологиялык экспертиза айдоочу кырсык маалында соо экенин көрсөттү. Факт каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0