Жолго чыкчулар, сак болгула! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалар арасындагы 500 метрлик аралык сакталышы зарыл.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. 5-февралдан 7-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу ӨКМ айдоочулар менен сапарга чыкчулар үчүн билдирүү таратты.

Маалыматта тоолуу райондордо кар көчкү түшүп, күрткү болору айтылат.

"Көчкү Төө-Ашууда, Ала-Бел, Чапчыма ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Кара-Көө ашуусунда түшүүсү күтүлүп жатат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик унаалар арасындагы 500 метрлик аралык сакталышы зарыл экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0