Ички иштер министрли Кашкар Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан

Министр Кашкар Жунушалиев маалымат жыйындагы сөзү. Тексттик трансляция

Жазылуу
Жунушалиев Ички иштер министрлигинин жасаган иштери тууралуу айтып, милиция кызматкерлеринин катышуусу менен болгон кылмыш иштери жөнүндө суроолорго жооп берет.

Маалымат жыйынга министрликтин түрдүү кызматтарынын жетекчилери, Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИББдин башчылары катышат.

Иш-чарада "Кыргызстандагы ички иштер органдарынын 2018-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердиги жана сот реформасынын алкагында жаңы кодекс менен мыйзамдарды ишке киргизүү аракеттери" тууралуу сөз болот.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
11:36 05.02.2019

Бакыт Сейитовдун айтымында, министр 20 журналисттин суроолоруна жооп берди.

11:14 05.02.2019

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов маалымат жыйын экинчи саатка созулуп жатканын айтып, ар бир журналистке бирден суроо берүүнү өтүндү.

11:13 05.02.2019

2018-жылы мектеп рекетчилиги боюнча 106 факты катталган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга азайган. Бул тууралуу ички иштер министринин маалымат жыйыны учурунда тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү билдирди.

Учурда мектеп жетекчилиги, Билим берүү жана илим министрлиги  менен иш алып барылып жатканы маалымдалды.

11:08 05.02.2019

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "учурда Жогорку Кеңеште депутат болуп отургандардын ичинде кылмыштуу топтун мүчөлөрү барбы?" деген суроого жооп берип жатып, "Депутат болом дегендер текшерилет. Биздин маалымат борбору маалым кат берет. Биздин маалымат борбору компромат боло турчу маалымат жок деген билдирүү берген" деди ал.

11:03 05.02.2019

Жунушалиев журналисттин "өзүңүздүн ишиңизге 5 баллдык шкала боюнча кандай баа бересиз?" деген суроо салды.

Министр өзүнүн ишине баа бере албай турганын, бирок  "ИИМдин 2018-жылы аткарган ишине канааттандырарлык деген баа берем" деди Жунушалиев.

11:01 05.02.2019

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүү маселеси каралып жатканын айтты.

Ал ошондой эле жаңы кодекс боюнча автоунаасынын терезесин караңгылатып алгандарды тескөө транспорт министрлиги бекитилгенин айтып, учурда ал милдетти кайра ИИМге алуу боюнча жаңы кодексктерге өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын билдирди.

"Ачыгын айтканда Транспорт министрлиги аны алып бара албайт. Биздин кызматтар менен бирге азыр рейдге чыгып жатышат", — деди ал.

10:49 05.02.2019

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Токмоктогу чек арага жакын жерде болгон атышуу боюнча тергөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен тийиштүү жетекчилер менен кызматтарга чара көрүлөрүн билдирди.

"Токтомоктогу атышуу боюнча учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында жетекчилер кандай жазага тартыларын айтабыз. Азыр башка кызматтарга карата да көп суроолор бар", — деди ал.

10:35 05.02.2019

Журналисттер акыркы кездери социалдык тармактарда тарап жаткан "Жунушалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине барат экен"деген кептер канчалык туура экенин сурашты.

Өз кезегинде министр Жунушалиев ал тууралуу окубаганын айтты.

"Мен окубаптырмын. Мага басма сөз кызматым дагы айтпаптыр. Андай маалыматты билбейт экем", — деп жооп кайтарды.

10:28 05.02.2019

Журналисттер Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча тергөө тарабынан күбөлөргө басым болуп жатабы? деген суроо узатылды. ИИМ жетекчисинин ыкчам иликтөө боюнча орун басары тергөө тарабынан эч кандай басым болбогонун, шектүү Калыбек Элтуйбасов миграция мыйзамсын буганы үчүн АКШда кармалганын, аны экстрадициялоо боюнча маселелер такталарын айтты.

10:19 05.02.2019

"2018-жылы ар кандай тартип бузуулар боюнча 5 811 кызматкер тартип жазага тартылган. 71 кызматкер тартипти одоно бузганы үчүн ички иштер органдарынан кызматынан бошотулган, 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жыл ичинде мыйзам бузуу жоопкерчилигине 1 475 кызматкер тартылган. Анын ичинде жаза процессуалдык кодексинин нормаларын бузганы үчүн 343кызматкер, кылмышты жашыруу үчүн 139 кызматкер, жасалма документ колдонуу боюнча 14, жол транспорту окуяларв боюнча 27, автоунааны мас абалында айдаганы үчүн 67 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Бул биздин ички иликтөө кызматынын былтыр иштегенинин натыйжасы", — деди ал.

10:11 05.02.2019
10:09 05.02.2019

Кашкар Жунушалиев: 2018 жылы укук коргоо органдары тарабынан 29 718 кылмыш иши катталган. Анын ичинен ИИМ тарабынан 26 550 кылмыш иши катталган. Аларды иликтөө учурунда 19 861 кылмыш иштин бети ачылган.

10:03 05.02.2019

ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйынын чагылдыруу үчүн катталган ЖМК менен журналисттердин саны 55тен ашканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0