"Дордой" базарынан адашып кеткен. Бишкекте жоголгон 9 жашар кыз табылды

Жазылуу
Кызды өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор табышкан.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы муниципалитет менен милиция 9 жашар кызды кантип издегенин билдирди.

Артын карап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто эки жаш баласын үйгө жалгыз калтырып кеткен эне табылды. Чоо-жайы
Өспүрүм кыз 31-январда саат 16:20лар чамасында 11-кичирайондогу №63 мектептен чыккан боюнча дайынсыз болгон. Кызды социалдык тармак аркылуу да издешкен.

Бир нече сааттан кийин кыздын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылып, издөө иштери башталган. Аны табууга муниципалитеттин бардык бөлүмдөрү тартылган.

Ошол эле күнү Свердлов РИИБинин жашы жете электер менен иштеген инспекциясынын инспекторлору Гүлнура Курбанова менен Зоокарбек Кадыркулов кызды таап, "Айданек" борборуна алып келген. Андан кийин Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жерден Айгеримди ата-энеси алып кеткен.

"Айгеримдин айтымында, ал №17 троллейбуска отуруп, "Дордой" базарына жетип, ошол жерден адашып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы инспекторлорго жана кызды издөөдө кайдыгер карабаган бардык шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0