Туткунга түшсөк жан кыюуга даяр элек... Полковник Абдылдаевдин маеги

© Фото / из личного архива Саламата АбдылдаеваВетеран афганской войны, подполковник Саламат Абдылдаев
Ветеран афганской войны, подполковник Саламат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп жылга созулган ички ыйкы-тыйкы, тирешүү жана так талаштан улам Афганистанда 1978-жылы жарандык согуш башталган. Бул апаатта СССР жардам көрсөтүп, аскерлердин катарында 7000ден ашуун кыргызстандык болгону маалым.

Афган согушунун ардагери, отставкадагы полковник Саламат Абдылдаев советтик жоокерлердин Афганистанга кандай шартта киргизилгендиги тууралуу айтып берди. Маектешибиз согушта көрсөткөн эрдиги үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган. 

© Фото / из личного архива Саламата АбдылдаеваСаламат Абдылдаев 1978-жылы Алма-Ата шаарындагы жалпы аскердик командалык окуу жайын бүткөндөн кийин Прикарпатье аскердик округундагы Мукачево шаарында жайгашкан 128-дивизияга взводдун командири болуп барган.
Туткунга түшсөк жан кыюуга даяр элек... Полковник Абдылдаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Саламат Абдылдаев 1978-жылы Алма-Ата шаарындагы жалпы аскердик командалык окуу жайын бүткөндөн кийин Прикарпатье аскердик округундагы Мукачево шаарында жайгашкан 128-дивизияга взводдун командири болуп барган.

— 1979-жылы сиз Афганистанга өзүңүздүн эркиңиз менен кеттиңизби же буйруктун негизиндеби?

— Ал жылы мен Алма-Ата шаарындагы жалпы аскердик командалык окуу жайын бүткөндөн кийин Прикарпатье аскердик округундагы (Батыш Украина) Мукачево шаарында жайгашкан 128-дивизияга взводдун командири болуп бардым. 1979-жылдын 25-декабрында полкту аскердик тревога менен көтөрдү. Биздин полк 201-мото аткычтар дивизиясына кошулду. Азыркы учурда бул дивизия Тажикстандын Куляб калаасында турат.

Гуманитарная помощь афганским кыргызам в Малом Памире в конце 80-х - Sputnik Кыргызстан
Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек
Жетекчилик үч айлык маянабызды алдын ала берип, "үй-бүлөңөрдү Ата Мекенге тезинен жибергиле" деп буйрук берди. Мен бала-чакамды Ужгород шаарынан Фрунзеге самолетко салдым. Бөлүгүбүз эшелонго жүктөлдү. Кайсы жерге кетип бара жатканыбызды билген жокпуз, табышмак бойдон калды. Бирок буга чейин бир-эки ай күн-түн дебей аскердик машыгуу болгон. Жолдо кетип бара жаткан учурда арабызда ар түрдүү сөз болуп жатты. Бирөөлөр бизди жетекчилик Монголияга жөнөттү дешсе, экинчилери "жок, Өзбекстанга жиберет экен" деп айтып жатышты. Кыргызстанга жакын барат турбаймынбы деп сүйүндүм. Бирок иш жүзүндө биз Афганистанга кетип бара жаткан экенбиз.

— Алгач Афганистандын кайсы аймагына кирдиңер?

— Адегенде Өзбекстандын Термез шаарына келдик. Аскердик инженерлер Термезден Афганистанга өтүү үчүн Аму-дарыяда асма көпүрө курган. Ушул көпүрө аркылуу Түндүк Афганистандын Мазари-Шариф шаарына өттүк. Бул калаада жер семирткич чыгарган завод бар эле. Ал заводдо советтик жарандар иштечү. 20 күн взводум менен ушул заводду жана советтик жарандарды кайтардым. Андан кийин аскердик бөлүгүбүз толугу менен Афганистанга өттү. Ал жерден мен жоокерлерим менен Афганистандын башка аймагына кеттим. 

© Фото / из личного архива Саламата АбдылдаеваАбдылдаев: Взводумда кыргыз, казак жана украиндер болчу. Афганистанда сегиз аскерим курман болду. Гнилица деген жоокеримди моджахеддер жарадар кылып туткунга түшүргөн. Биз аны куткаруу үчүн аркасынан кууп бара жаткан учурда мыкаачылык менен өлтүрүп салышты...
Туткунга түшсөк жан кыюуга даяр элек... Полковник Абдылдаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: Взводумда кыргыз, казак жана украиндер болчу. Афганистанда сегиз аскерим курман болду. Гнилица деген жоокеримди моджахеддер жарадар кылып туткунга түшүргөн. Биз аны куткаруу үчүн аркасынан кууп бара жаткан учурда мыкаачылык менен өлтүрүп салышты...

— Афганистанга киргенде сизди эмне таң калтырды?

— Биз совет-афган чек арасын ашканда эч цивилизация жок мамлекетке түшкөндөй болдук. Анын үстүнө адеп чалма кийген эркектерди көргөндө кинодо көргөн басмачыларды элестеттик. Бирок буга чейин аскердик жетекчилик тараптан советтик аскерлерге жергиликтүү аялдардан эч нерсе сураганга болбойт, үйлөрүнө уруксаты жок кирбегиле, тартип бузбагыла деген сыяктуу эскертүүлөр айтылган. Мындан сырткары, советтик армия Афганистанда интернационалдык парзын аткарганы гана келген деп абдан эскерткен. Ошол учурда бизди Афганистандын коопсуздук кызматынын (ХАД) өкүлдөрү коштоп жүрдү.

— Адегенде советтик жоокерлерди жергиликтүү эл кандай тосуп алды?

Ветеран Афганской войны, полковник в отставке Борис Керимбаев - Sputnik Кыргызстан
СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак Кара майор
— Абдан жакшы тосуп алышты. Алар менен эч кандай кагылышуу болгон жок. Эң кызыгы, Мазари-Шариф шаарынын жанындагы жайгашкан кыштакта бир көчө болуп жашаган афгандык боордошторубузга жолуктум. Алар илгертен бери бул аймакта жашайт экен. Биз афгандык армия менен чогуу айылдарды атайын текшерип, моджахеддерге каршы операция жүргүзчүбүз. Афган аскерлери мени жергиликтүү кыргыздарга ээрчитип барышты. Мазари-Шарифтеги боордошторубуз алдыма көлдөлөң, шырдак салып коноктогондо Кыргызстанда жүргөндөй болдум.

Байкаганым алардын диалектисине дари тилинен көп сөздөр кирген экен. Ал аймакта жашаган кыргыздардын аялдары паранжа киет. Боордошторубузга жардам катары колуман келген дары-дармектерди бердим. Биз жаңыдан кирген кезде эч кандай шарт жок эле. Жарым жылдан кийин гана казармалар курула баштады. 

© Фото / из личного архива Саламата Абдылдаева201-дивизиянын 149-полку жайгашкан шаарча. Кундуз провинциясы. 1980-жыл
201-дивизиянын 149-полку жайгашкан шаарча. Кундуз провинциясы. 1980-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/2
201-дивизиянын 149-полку жайгашкан шаарча. Кундуз провинциясы. 1980-жыл
© Фото / из личного архива Саламата АбдылдаеваАфган согушунун ардагери: Кыргызстандык төрт аскер согуш учурунда дайынсыз жоголгон. Бирок алар туткунга түшкөн деген факты жок.
Афган согушунун ардагери: Кыргызстандык төрт аскер согуш учурунда дайынсыз жоголгон. Бирок алар туткунга түшкөн деген факты жок.  - Sputnik Кыргызстан
2/2
Афган согушунун ардагери: Кыргызстандык төрт аскер согуш учурунда дайынсыз жоголгон. Бирок алар туткунга түшкөн деген факты жок.
1/2
201-дивизиянын 149-полку жайгашкан шаарча. Кундуз провинциясы. 1980-жыл
2/2
Афган согушунун ардагери: Кыргызстандык төрт аскер согуш учурунда дайынсыз жоголгон. Бирок алар туткунга түшкөн деген факты жок.

— Согушка кирген биринчи күн эсиңездеби?

— Ооба, эсимде. 1980-жылы 15-февралда Кундуз шаарындагы түрмөгө моджахеддер кол салды. Аларга каршы чабуул койгула деп батальонубузга буйрук келди. Биз кечки тамакты ичип жөнөп калдык. Мен ошол маалда бир кружка сүттү ичип жаткан элем. Буйрук келгенде, ичкен сүттүн теңи калып калды. Взводум менен БМПга отуруп,  жөнөп  баратып, сүттү таштап койгон болбойт деп ойлоп, БМПны кайра токтотуп, түшүп сүтүмдү бүт ичип колоннанын аягындагы БМПга отурдум. Он чакырым жүргөндөн кийин моджахеддер аткылай баштады, взводду алдыга коё берип, аларды кол салуудан коргоп калайын деп артта калдым. Мен БМПнын үстүндө болчумун, ичине кирейин деп жаңы эле астына кирип жатканда, кумулятивный снаряд тийди. Ошондо эс-учумдан тандым. Көзүмдү ачсам Кундуздагы аскердик госпиталда жатыптырмын. Дарыгерлер "оор жаракат алдың, ошондуктан сени вертолёт менен алып келишти" деп айтышты. Бул госпиталда дарыланган соң Кыргызстанга барып эс алып келдим. Кайрадан Афганистанга аскердик бөлүгүмө кайтып келип, кызматымды уланттым.

— Взводуңузда башка улуттун өкүлдөрү бар беле? Жоготуулар болдубу?

— Взводумда кыргыз, казак жана украиндер болчу. Афганистанда сегиз аскерим курман болду. Гнилица деген жоокеримди моджахеддер жарадар кылып туткунга түшүргөн. Биз аны куткаруу үчүн аркасынан кууп бара жаткан учурда мыкаачылык менен өлтүрүп салышты. Белгилей кетчү жагдай, биз КМШдагы афган согушуна катышкан ардагерлер менен жолукканда, алар дайыма кыргызстандык жана теги чечен жоокерлерден бирөө да туткунга түшкөн эмес деп баса белгилешет. Кыргызстандык төрт аскер согуш учурунда дайынсыз жоголгон. Бирок алар туткунга түшкөн деген факты жок. 

© Фото / из личного архива Саламата АбдылдаеваАбдылдаев: душмандын колуна тирүү түшпөө үчүн өзүбүздү атып же граната жардырып өлгөнгө даяр болчубуз.
Туткунга түшсөк жан кыюуга даяр элек... Полковник Абдылдаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: душмандын колуна тирүү түшпөө үчүн өзүбүздү атып же граната жардырып өлгөнгө даяр болчубуз.

— Туткунга түшкөндөн коркчу белеңиз?

— Офицер болгондон кийин андайды ойлобойсуң. Бирок туткунга түшкөндө моджахеддер абдан кыйнап өлтүрөт деп билчүбүз. Ошондуктан аларга тирүү түшпөө үчүн өзүбүздү атып же граната жардырып өлгөнгө даяр болчубуз. Аскерлерибизге кокустан курчоодо калып, советтик жоокерлер жардам бергенге үлгүрбөй калса, анда моджахеддерге туткунга түшпөгүлө, өзүңөрдүн жаныңарды кыйганга даяр болгула деп айтчубуз. Эгерде булардын колуна түшсөңөр силерди мыкаачылык менен өлтүрөт деп аябай эскертчүбүз. 

© Фото / из личного архива Саламата АбдылдаеваАрдагер: аман-эсен Термезге келдим. Бирөө буйрук бергендей бардыгыбыз аскердик даража, жаш курак, улутубузга карабастан, жатып алып жерди өпкүлөдүк...
Туткунга түшсөк жан кыюуга даяр элек... Полковник Абдылдаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ардагер: аман-эсен Термезге келдим. Бирөө буйрук бергендей бардыгыбыз аскердик даража, жаш курак, улутубузга карабастан, жатып алып жерди өпкүлөдүк...

— Афганистандан СССРге келгенде кандай сезимде болдуңуз?

Генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Төрт жоокерди моджахеддерден алып чыккан. Генерал-лейтенант Асанкулов жөнүндө 7 факты
— Афганистанда эки жыл аскердик кызмат өтөдүм. Андан кийин жетекчилик СССРге которду. Ошондо Ата Мекенге кетип бара жатканда үйгө аман-эсен жетсем экен деген ойдо болдум. Себеби кээ бир офицерлер менен жоокерлер мага окшоп аскердик кызматын өтөп бүткөндөн кийин, СССРге кайтып жаткан учурда жолдон моджахеддердин буктурмасына кабылып, каза болгон учурлар көп болду.

Кудай жалгап, аман-эсен Термезге келдим. Эми бул сезимдерди түшүндүрүп, айтып бере албайм. Ал жерге келгенде бирөө буйрук бергендей бардыгыбыз аскердик даража, жаш курак, улутубузга карабастан, жатып алып жерди өпкүлөдүк. Кадимкидей эле жерди өпкүлөдүк, кубанычы койнуна батпай кээ бирлери ыйлады…

Жаңылыктар түрмөгү
0