"Тазалыктын" кызматкерине 71 миң сом топтолду. Кайрымдуулук уланат

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник МП "Тазалык" Женишбек Касымов
Сотрудник МП Тазалык Женишбек Касымов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымовдун операциясына учурда 30 миң доллар чогултуу керек.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңиш Касымовдун операциясына акча чогултуу жарманкесинен 71 миң 37 сом түштү. Бул туурасында аталган ведомстводон билдиришти.

Кыздарым чоңойгончо аман турсам экен... Бөйрөгү жабыркаган ата элден жардам сурайт - Sputnik Кыргызстан
Кыздарым чоңойгончо аман турсам экен... Бөйрөгү жабыркаган ата элден жардам сурайт
Эске салсак, муниципалдык "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңишбек Касымовдын боору жабыркап, чет өлкөдөн жасай турган операцияга муктаждык жаралган. Буга чейин Түркияга дарыланууга учуп барып, бирок ал жактан донор туура келбей, жасалбай калган

Эми донор табылып, операцияны Индиядан жасоо пландалууда. Маалыматта 30 миң доллар каражат керектиги, кесиптештери, боорукер адамдар тарабынан 12 миң доллар чогулгандыгы айтылган. Боорду алмаштыруу чукул убакытты талап кылууда.

"Тазалыктан" Бишкекте кайрымдуу адамдар жашарын, чакан залда өткөн жарманкеге 200гө чукул киши келгенин айтышты.

"Бир күндүк акцияда, бир күндө 71 миң 37 сом чогултулду. Бул деген 1000 доллардан ашык каражат! Бул иш-чарага катышып, салымын кошкондорго ыраазыбыз!" — деп айтылат маалыматта.

Сатыкка коюлган бумдардын акчасы операцияга жумшалмакчы.

Ведомстводон акча чогултуу уланарын билдиришти.

Касымов учурда дарынын жардамы менен жашап келет. Жеңиштин баянын бул жердеги видеодон көрсөңүз болот

Жаңылыктар түрмөгү
0