Артынан сөз ээрчиткен эмес... Корчубек Акназаров жерге берилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПанихида с государственным и общественным деятелем Корчубеком Акназаровым
Панихида с государственным и общественным деятелем Корчубеком Акназаровым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры 97 жашта болчу.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Корчубек Акназаров бүткүл өмүрүн кыргыз элине, өлкөсүнө ак кызмат кылууга арнады. Ал Улуу Ата Мекендик согушка барып, андан кийин кайсыл кызматта болбосун, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасаган. Артынан кыпындай жаман сөз ээрчиткен эмес. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун тажыясында айтты.

Коштошуу зыйнаты 3-февраль күнү Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Эскерте кетсек, Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры 97 жаштагы Корчубек Акназаров 1-февралда каза болгон.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында президент сөз сүйлөп, түбөлүк коштошуу табияттын мыйзамы болсо да элге, мамлекетке эбегейсиз зор салым кошкон ушундай инсандардын өтүп кетиши чоң кайгы экенин белгиледи. Маркумдун уул-кыздарына, туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Ал иштеген аймактардын экономикасында, социалдык жана маданий турмушунда жакшы өзгөрүүлөр, өсүштөр болгон", — деп белгиледи мамлекет башчы.

Акназаровдун эмгеги мамлекет жана эл тарабынан татыктуу бааланганын, көп жылдык эмгеги үчүн 1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген жогорку наамга татыктуу болгон. Эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана "Ардак белгиси" ордендери менен сыйланган.

Советский государственный и политический деятель Юсуп Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты
"Корчубек аганын өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет. Айрыкча, мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерге, жетекчилерге аксакалдын баскан жолу сабак болушу керек. Ал элибиздин эсинде түбөлүккө калуучу унутулгус улуу иштерди жасап кетти. Турмуштук бай тажрыйбасы менен аянбай бөлүшүп, кийинкилерге акыл-насаатын айтты. Мага дагы акыл-насааттарын айтып, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбасын бөлүшүп, батасын берген. Корчубек Акназаров нукура элдик жана залкар адам болгон", — деп айтты президент.

Президент Жээнбеков мамлекеттик ишмер Акназаров менен коштошуп, анын журт алдында ыйык парзын абийирдүүлүк менен аткарганын айтып, кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирди.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0