15:16 18 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
III Көчмөндөр ондарынын ачылыш аземи. Архив

Манас 40 чоросу менен тору кунан берип кеткен. Балык Кумар уулу тууралуу 17 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (259)
321 0 0

Бекмурат Кумар уулу өлгөндө кадимки Шабдан баатыр "эми Манас чындап өлдү" деген экен. Ошол жарчы, төкмө, санжырачы, манасчы тууралуу бизге жеткен маалыматтар өтө аз.

Бекмурат Кумар уулу тууралуу колго илинген 17 факт сунушталат.

Бир нече аты бар ырчы. Биринчи азан чакырып коюлган аты — Бекмурат, экинчи аты — Балык ырчы, үчүнчү аты — Балык, төртүнчү ысымы — Балыкооз. Атасынын аты Кумар.

Акындын кайсы жерде туулганы да такталбай келет. Көп маалыматтарда анын туулган жери Талас деп айтылат. Кээ бирлер Кетмен-Төбөнүн Коңур-Өгүз деген жеринде туулуп, 14 жашында атасы өлгөн соң энеси менен тай журтуна — Таластын Кең-Колуна кеткен деп белгилешет.

Туулган жылы да ар түрдүү айтылат. Айрымдар 1793-жылы дешсе, айрымдар 1799-жылы туулган дешет. Адабиятчы Батма Кебекова анын жашаган мезгили 1801-1891-жылдар деген жыйынтыкка келет.

Уруу, уругу. Кылжырдын Дөөлөс аттуу кичи уулунан тараган чоң чарыктан деп бирлери айтса, дагы бирлери сарыбагыштардын чоң чарык уруусунан дейт.

Балык — лакап аты. Кыска бойлуу, денеси жоон, кара киши болуп, оозу балык оозундай болгонунан Бекмурат аты калып, Балык аталып кеткен. Шапак Рысмендеевдин сүрөттөөсү боюнча мүчөсү келишкен, сом чулу, сөөгү калың, эки ийнине эки киши отургандай олбурлуу, кулагы калкандай, чекир кашы арпанын кылканындай тик болуп, кабагын ылдый салса, көзүн жапкан, колдору шадылуу, ыраңы саргыч саз өңдүү, суюк сакал, муруту сакалына кошулуп, тик түшкөн, муруну борбогой, бели карыган кезинде да ийилбей түз, бели жоон, курсагына казы алган, мойну буканын бутундай буржуйган экен. Оокатка тың, сөздү маселдетип сүйлөгөн, туура сөздүү, ачуу тилдүү, айтышкан адамынан дароо кыйкым таба билген ырчы болгон. Ырдаганда акырын баштап, анан үнү жолборстун доошундай күркүрөп кетчү экен.

Манас баатыр өзү тору кунан берет. Жаш чагында Олуя-Атадагы Кокон бегинин салыкка деп чогулткан койлорун Наманган тарапка айдап баратып, жаандан корголоп, Манас атанын күмбөзүнө кирип уктап калат. Түшүндө Манас баатыр кырк чоросу менен келип, бизди айтып жүргүн деп тору кунан берет. Ошол тору кунанды Намангандын жолундагы Кабак деген жерден минет да, шаардын бегине түшүн айтып берет. Оозуна Манас да келип, Манастан үзүндү айтат. Бул өнөрү Намангандын кушбегине жагып, ал киши аттап-тондоп, Таластын эл башылары Ажыбек датка менен Бүргө баатырга бул жигитти колдоого алгыла деп кат чийип берип узатат.

Ажыбек даткадан Байтик баатыр суранып алат. Таластын башкаруучусу Ажыбек датканы жандап ырдап жүргөн, даңазасы таш жарып турган. Ошол кезде Чүйдүн манабы Байтик Канай уулу (1817-1886) конокко барып, Ажыбектен сурап алып, Балыкоозду Чүйгө чакырат. Ошондо таластыктар менен коштошо албай, бир жылдай эл кыдырып жүрөт. "Суу сураса, бал берген, Суусар энем аман бол, ат сураса, төө берген, Ажыбек атам аман бол" деп акыры Чүйгө көчөт. Байтик үй-жай, мал-жан менен камсыздап, өзүнө өнөрпоз катары кошуп алган. Байтик баатырды жандап ырдап жүрөт. Эл ичинде Байтикке бир гана Балыкооз каяша айта алган деген сөз бар, мисалы, ал Ала-Арчада Акай (Адыл) мергенге болушуп, аны Байтиктин каарынан сактап калгандыгы айтылып келет.

Кочкордо да жашаганы айтылат. Байтик каза болгондон кийин үч жыл Кочкорго барып жашап, ал жерде Шамен манап менен катуу айтышып, кайра келгени тууралуу да маалыматтар кездешет.

Көптөгөн манасчыларга устат болгон. Алардын ичинде Жаныш, каражаак Сокур Калча, Эсенаман, Чоңду, Назар ж.б. айтуучулар бар экендиги белгиленет. Балык ырчы гана эмес, чоң жомокчу, манасчы, жарчы, санжырачы болгон. Карыган кезде да үнү шаңкылдап чыгып, бетинен нуру кетпептир.

Каюм Мифтаков анын чыгармаларын башкалардан жазып калган. Анын бирин-экин ырлары, санжыра сөздөрү, "Манастын" айрым өтө кыска үзүндүлөрү жазылып алынган ("Таласты мактоо", "Манастын кээ бир кийимдери", "Манастын күмбөзү" ж.б.). Буларды советтик учурда Каюм Мифтаков Таластын Кең-Кол жана Улуу-Төр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун, Сокур Калчанын айтуусунда үчүнчү колдон жазып алган. Аларга Балыктын уулу Найманбай өзү айтып берген экен. Ошол жазылып алынгандарына караганда, Балык Кумар уулу өтө таланттуу акын болгондугу билинет. Анын "Айт, айт, десе" аттуу 160 саптуу философиялык ыры бизге жеткен чыгармаларынын бири. Анда "акын болсоң, жалганды айтпай чындыкты айт, укканды айтпай көргөндү айт" деген өзүнүн инсандык жана ырчылык кредосун билдирет. Айтуудан ал "Эр Төштүк", "Кан Шырдак", кыргыз-кыпчактардын "Эр Табылды жалгызым", кытай уруусундагылардын "Кыл муруттуу Кожожаш", "Сен – Саринжи, мен – Бөкөй" деген сыяктуу дастандарды жогорку чеберчиликте айткан экен.

Балыкооз тууралуу маалыматтарды жеткиргендер. Эң биринчи кезекте Балык Кумар уулу 75терге келип калганда ага он үч-он төрттөгү Шапак Рысмендеев жолугуп, кийин ал киши тууралуу айрым маалыматтарды калтырган. Кээ бир маалыматтарда чебереси Сукан айтып берген. Бир топ материалдар таластык Султанаалы Азизберди уулунан, Алымбек уулу Тургунбек санжырачыдан, Жанжигит Казакбаевден жыйналган. Чыгармаларына филология илимдеринин кандидаты Батма Кебекова талдоо жүргүзгөн.

"Манастан" мурда "Оторканды" айткан. Кыргыздардын түпкү атасы болгон огуздардын "Оторкан" баянын Балык акын өтө узак, ыр түрүндө айткан экен. Оторкан – огуздарды куткарган баатыр. Аны айтып келип, анан Манас баатырга өтчү экен. Оторкан Отор шаарын (балким кийинки Отрар шаарыдыр) салдырат.

Устаты Ноорус акын болгон дешет. Бул пикирди Тоголок Молдо айтат. Манасты ар ким айтып келип, анан Ноорус деген чоң манасчы Балык ырчыга үйрөтөт дейт. Мына ошол Балык ырчыдан биз угуп-билип жүргөн манасчыларга тарайт. Алардын ичинде Сагымбай Орозбаков менен Шапак Рысмендеев да бар.

Кыргыз жерлеринин көбүн кыдырган. Балыкооз таланттуу санжырачы болгон экен, көптөгөн уруу-уруктар тууралуу маалыматтарды топтогон. Бул максатта Алай, Кетмен-Төбө, Талас, Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Наманган, Анжиян, Кокон, Кулжа, Ташкент, Алма-Ата, Олуя-Ата ж.б. жерлерде болуп, эл-жер менен таанышып, ырчылык өнөрүн да көрсөткөн.

Айтышта дулдул болгон. Анын аксылык Алымкул Абат уулу, Төрөгелди манаптын ырчысы Айтике, Бүргө баатырдын кызы Акшербет менен айтыштары тууралуу маалыматтар жана алардын анча-мынча тексттери кездешет жана ушул материалдар анын айтыш жанрынын чебери экендигин тастыктайт.

Балык ырчынын балдары, тукуму. Акындын Садырбек, Коңурбай, Мамырбай, Айманбай (Найманбай), Алчынбай деген беш уулу, Шааркан аттуу бир кызы болгон. Кызы жаш чагынан кошок кошуп, ички бугуна чыдай албай жумалап талаа-түзгө чыгып кетип, манас айтып кетчү экен. Кыздарга бул өнөр өөндүк кылып, элге айта албай жүргөндө ушул айтпаганым үчүн акыры Манас өлтүрөт дечү экен. Ырчылык Алчынбай деген уулунда да болгон. Эң атактуусу Найманбай (1847-1913) эле. "Балыктын уулу Найманбай" деп ал өз ордун тапкан манасчы, төкмө катары элге кеңири таанылган. Анын Асперди деген уулунун Жакин аттуу баласы, Найманбайдын Сукан деген небереси кошокчу болуп Балыктын жолун жолдогону менен жалпы журтка кеңири тааныла алышкан эмес.

Каза болгон жылы да так эместей. Балык болжол менен 1887-жылы (айрым маалыматтарда 1873-жылы) каза болгон. 1900-жылы 78 жашында о дүйнөгө кеткен деген да маалымат кездешет. Дагы бир маалыматта 1793-жылы туулуп, 80 жаш курагында Чүйдөгү Арчалуу деген жерде дүйнөдөн кайтат да, сөөгү азыркы Бишкек шаарынын үстү жагындагы Байтиктин Басбөлтөгүнө, Байтик баатырдын жанына коюлат.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (259)

Тема боюнча

Исаков: Манасты бир доордон изилдеп кароо мүмкүн эмес
Белгилер:
факты, Манас эпосу

ЭҢ МААНИЛҮҮ