Күйөөмдүн башкадан баласы бар экен... Согончогу канабаган аялдын каты

© AFP / SEBASTIEN BOZONКол кармашып бараткан эркек жана аял. Архив
Кол кармашып бараткан эркек жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүнүн башкадан баласы бар экенин жакында эле билип калган келиндин жашоосу баяндалат.

Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 15 жылга чукулдады. Бирок төрөй албай койдум. Көрүнбөгөн дарыгер, барбаган көз ачыгым калган жок. Айла кеткенде "балким, артынан бала ээрчитип келер" деген үмүт менен балдар үйүнөн бир кыз багып алганбыз. Аныбыз чоңоюп 7 жашка чыгып калды. Эрмегибиз, бактыбыз эле ошол. Бирок дагы эле төрөй элекмин. ЭКУга (жасалма уруктандыруу) аракет кылып көрөлү деп акча чогулта баштаганбыз.

Эркек адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи аялыма батынып бара албай жүрөм... Айласы куруган эркектин тагдыры

Күйөөм 40та, мен андан эки жаш кичүүмүн. Төрөбөсөм да кайын журтум, кайнене-кайнатам мени аябай жакшы көрүшөт. Колуман келген сыйымды көрсөтөм. Ошол себептен дагы мага күйөөм сый мамиле жасаса керек. Катуу айтпайт, оюм менен болот. Анын үстүнө бири-бирибизге болгон мамилебиз жакшы. Экөөбүз тең иштейбиз. Айтор, балалуу боло албасак да башка жашообуз ойдогудай болчу…

Бала тууралуу көп эле жолу кеп козголгон. "Ажырашалы, сен балалуу болушуң керек" деп бир нече ирет айткам. Ал мени жакшы көрөрүн айтып, башка бирөөнү жубайы катары кабыл ала албай турганын да көп ирет кайталаган.

Жакында эле "жаман" кабар угуп, бирөө баштан ылдый суу куюп жибергендей дендароо болуп жүрөм. Бирок аны жакындарыма, анын ичинен күйөөмө билгизбегенге аракет кылдым.

Көрсө, жолдошумдун башкадан бир баласы бар экен. Анысы 3кө чыгып калыптыр. Жолдошум ал жакка мага айтпай барып, жардам берип турат экен. Баарынан үч жылдан бери мага айтпай жашырып жүргөнүнө бир чети ызалансам, бир жагынан таң калып жатам. Бир да жолу "балким, башкага мени алмаштырып кетсечи" деп шек санабаптырмын.

Жашообуз өз нугунда өтүп жатат, башка жакка конуп-түнөп келбей калган күндөрү деле жок. Болгону менин күйүтүм мага тынчтык бербей жатат.

Артын карап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсе сезбейм... Күйөөсүнө "ыраазы болбогон" аялдын бугу

Төрөп берген келинди жакшы көрөр-көрбөсүн билбейм, так айта албайм. Бирок курбуларым "күйөөң сени аябай жакшы көрөт, балким кокустук болуп калгандыр, аялынын көзүнө чөп салган эркектер башкача болуп кетет" деп мени жоошутуп жатышат. Баса, аялбыз да, тиги келинди, баласын да билгизбей көргөм, келишимдүү эле экен. Калганын териштирип сураган деле жокмун.

Эми эмне кылам? Баарын кечирген күндө деле башка аял баласын бизге бербейт да. Ажыраша да албайм. Балалуу болобуз деген үмүттү үзбөй ЭКУга даярданып, жакшынакай кызды тарбиялап жатсак, бири-бирибизге болгон сезим күчтүү болсо, кантип ажырашам. Же мен да билмексен болуп жүрө берсемби? Бирок анте албайм го. Ачыгын айтып сүйлөшсөм, жолдошум "баары чын" деп менден кетип калсачы? Айтор, жообу жок бүдөмүк суроо толтура…

"Үй-бүлөнү бекемдөө" долбоорунун психологу Гүлнара Жасоолова:

Төрөбөй калдым деп эч качан өзүңүздү күнөөлөбөңүз! Багып алсаңар да тарбиялап өстүрүп жаткан балаңар бар экен. Аны багып алдык дебей, өз балаңардай, төрөп алгандай мамиле кылганыңар оң. Ошондой эле ЭКУ жолу менен төрөйм деп пландап, аракет кылып жатканыңар абдан жакшы.

Жолдошуңуз эгер баласы тууралуу өзү келип ачык айтып, ортого оюн салбаса, артынан аңдып териштирүүнүн кажети жок. Психология бирөөнүн оюн окууга тыюу салат. Артынан аңдыгандан бара-бара мамиле солгундайт. Анткени ишеним кеткенде гана аңдуу жолуна өтүшөт да. Ошондуктан күйөөңүз менен мамилени, сыйды бузуп албайын десеңиз, башка бирөөлөрдүн сөзүнө кирип, аңдып, ар кайсыны ойлобой эле койгонуңуз оң.

Кол чатыр астында турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экинчи аялым менен колунда бар үчүн жашап жүрөм... Ара жолдо калган эркек

Биринчиден, жолдошуңуз сизге "балам бар экен" деп айта элек. Балким, ойлоп жаткан бала башкадандыр. Күмөн санабаңыз. Ачык сүйлөшүңүз.

"Жолдошумдун мага болгон сезими өчө элек" деп жатасыз. Бул жакшы, эми ошол сезимди өчүрүп албай, мамилеңерди бекем сактоого аракет кылыңыз. Адам канчалык сырдуу болсо, ошончолук башка адамга кызык болот. Сыйыңызды, аброюңузду жолдошуңуздун алдында аңдып жатып түшүрүп албаңыз.

Эгер күйөөңүз "балам бар" деп өзү айтса, сиз аны бардык тараптан түшүнүүгө аракет кылыңыз. Кандай болгон күндө да биринчи ал кандай чечим чыгарганын угуңуз. Чындап эле экөөңөрдүн ортоңордогу мамиле бекем болуп, сизди жакшы көрсө, ал дароо эле чечим кабыл албайт. Балким, айтса сизди жоготуп аламбы деп ойлонуп, даярданып жүргөндүр. Ошондуктан "эмне себептен дагы айтпай жүрдү" деп жинденбеңиз. Сизди жакшы көрсө, колдон келишинче баары оң жагына чечилишине аракет кылат. Ошондуктан аны түшүнүүгө аракет кылганыңыз оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0