Чек арадан алтынды өзгөчө чыгарып бараткан киши кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын жасалгасы. Архив
Алтын жасалгасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган киши кымбат баалуу таштар менен Индияга учуп кетүүгө аракет жасаган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандан колго жасалган баалуу металлдарды — алтын саат менен чынжырды алып чыгып кетүүгө аракет жасаган кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын жараны 31-январь күнү Бишкек — Дели (Индия) багыты боюнча учканы жатканда кармалган. Баалуу таштардын салмагы 792,85 граммды түзгөн.

Саат менен чынжырча алынып, материалдар Финполго өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0