Төшөк кумары көтөрүлгөн кан басымды түшүрөт. Окумуштуулардын аныктамасы

© AP Photo / Jae C. HongТөшөктө жаткан кыз. Архив
Төшөктө жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта дарыгерлер кан басымды түшүрүү үчүн оорулууларга заараны айдап чыгуучу дары-дармектерди сунуштайт.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жорджия университетинин (АКШ) окумуштуулары сапаттуу төшөк кумары көтөрүлүп кеткен кан басымын дары-дармек сыяктуу эле калыбына келтирерин аныкташты. Бул тууралуу DailyMail басылмасы жазды.

Экспериментке кан басымы туруксуз адамдар катышкан.

"Медиктер алгач алардын кан басымын өлчөп, андан соң үйүнө жиберген. Ошол түндү сүйүктүүсү менен "бирге" өткөргөн адамдардын кан басымы кыйла төмөндөп калганы белгилүү болгон", — деп жазылат макалада.

Окумуштуулар буга окситоцин гормону себепкер экенин айтууда. Тагыраагы, ал организм кумарга баткан учурда көбөйүп, стресстик абалды жок кылат.

Адатта дарыгерлер кан басымды түшүрүү үчүн оорулууларга заараны айдап чыгуучу дары-дармектерди сунуштайт. Ал дагы организмде окситоцинди көтөрүп, дал ушундай жыйынтык берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0