15:53 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Хиджаб кийген аял. Архив

Мусулман блогер кыз өзгөчө макияж жасап элди таң калтырууда

© AFP 2019 / PETER STEFFEN / DPA
Коом
Кыскача шилтеме алуу
56101

Лондондогу визажист жана бьюти-блогер Сальва Рахман салттуу макияжга басым жасабай, бетти өзгөчө боеп интернет колдонуучуларын таң калтырууда.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Лондондо жашаган визажист Сальва Рахман мусулман кыздарынын эрки жетпеген өзгөчө макияждарды жасап, Instagarm баракчасынын колдонуучуларын көбөйтө алган.

Сальва бир караганда таң калычтуу, ошол эле учурда жагымдуу образдарды жаратат.

Муну менен хиджаб кийген кыз салттуу боенууга чекит койгусу келген. Ошондуктан анын эмгектеринен узун, чапталган кирпик, боелгон каш сыяктуу бир түрдүү образ табууга болбойт. Жалаң ачык өңдөр менен геометриялык формалар тартылган макияждар.

Маектеринин биринде Сальва аны Мисс Фэйм, Наоми Кэмпбелл жана Айшвария Рай таасирлентерин айткан.

"Байкашымча, азыр адамдар майда-чүйдөгө маани берип, бир нерсе далилдөөгө эле аракет кылып жүрүшөт. Алар көңүл ачып, маанай көтөрүүнү унутуп калышты. Ал эми мен өз ишимен ырахат алам", — деген визажист.

Блогер кыз келечекте макияж боюнча мыкты адис болгусу келерин айткан.

Тема боюнча

"Кирпик-кашы өзүнүкү". Азыр жеңелер күйөөгө кетчү кызды кантип мактайт
Белгилер:
визажист, мусулман

ЭҢ МААНИЛҮҮ