Түбүң түшкүр дүйнөнүн азабы, ай! Базаровдун жүрөк тилген трилогиясы

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү режиссер Геннадий Базаров. Архив
Белгилүү режиссер Геннадий Базаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү режиссер Геннадий Базаров өзүнүн чыгармачылыгында ондон ашык тасма тартып, сегиз фильмдин сценарийин жазган. Алардын арасында коомдогу көйгөй, кейиштүү тагдырларды чагылдырган трилогиясы да бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын 1980-жылдардын соңунда тартылган тасмаларын эске салып, коомдун деградацияланып жатканына каршы турууга аракет кылган фильмдерин тизмектөөнү эп көрдү.

Геннадий Базаровдун тасмаларында инсан бир келген өмүрүндө бир жаңылса үй-бүлөсү түгүл коомдон чыгып каларын, турмуштагы түрдүү сыноолордон белин бекем бууп татыктуу өтө албаса, өлүп гана тынчый турганын так кесе көрсөткөн.

Аракечтиктен арыла албаган жигиттер

Геннадий Базаров 1987-жылы "Приют для совершеннолетних" тасмасын көрүүчүлөргө сунуштаган. Ал фильмде союз мезгилиндеги аракечтик маселесине кайрылып, ичкиликтин азабынан жумушунан, үй-бүлөсүнөн айрылып, киши катарынан чыгып наркологиялык ооруканада жаткан адамдардын тагдыры чагылдырылган. Каармандардын басымдуу бөлүгү жаштар болуп, режиссер арактын кесепетинен өз өмүрүнө кол салып көз жумган сүрөтчүнүн, ичкиликтен улам атасын акыркы сапарга узата албай калган уулдун жана акыл-эсинен айрылып калганга чейин ичкен жигиттин кейиштүү окуяларын көрсөткөн.

© Фото / Александр ФедоровСоветбеку Джумадылову исполнилось бы 83 года
Советбеку Джумадылову исполнилось бы 83 года - Sputnik Кыргызстан
Советбеку Джумадылову исполнилось бы 83 года

Эң кызыгы, Базаров коомдогу ал көйгөйдүн кесепетин жашоодогу чыныгы окуялар менен ачып берген. Анда режиссер наркологиялык ооруканада жаткандарды автобуска салып алып, ата-эненин арагынан улам ара төрөлгөн майып балдарды көрсөткөн эпизодун көрүүгө болот. Мындан сырткары, наркологдун ролун жараткан Советбек Жумадыловдун жумуштан үйгө келип алып, аркы дүйнөгө анын көз алдында кетип жаткан уландарды эстеп, түн ортосунда жалгыз отуруп алып көз жашын көлдөткөн ирмемдери бар.

Акыйкатсыздыктын курмандыгы болгондор

Базаров 1989-жылы дагы бир мыкты тасмасын жаратат. "Айың" аталышындагы эмгек түрмөдө, психикалык ооруканада тартылган. Анын сюжети боюнча Калман аттуу жигит бирөөнүн айынан соттолуп, жазасын өтөп келгенден кийин дагы бир топ кыйынчылыктарга кабылган. Психикасы жабыркаган келиндин сөзүнө ишенип алып, анын уурдап кетти делген баласын аман куткарып калууга болгон аракетин жумшайт. Ошондо башкы ролду аткарган Советбек Жумадылов жакындарынан акча, тааныштарынан жардам сурап, көптөрдөн жаман сөз угуп, айрымдарынан таяк жейт. Соңунда аялдын уулу бир нече жыл мурда эле көз жуумп, тааныш-билиши көп, укуругу узун бир аткаминерден өзү да, келин да жабыркап бири түрмөгө, экинчиси психикалык ооруканага түшүп калгандыгын билет. Криминалдык тасма калың журт тарабынан жакшы кабыл алынып, азыркыга чейин айрым КМШ өлкөлөрүндө көрсөтүлүп келет.

© Фото / Александр ФедоровСоветбеку Джумадылову исполнилось бы 83 года
Советбеку Джумадылову исполнилось бы 83 года - Sputnik Кыргызстан
Советбеку Джумадылову исполнилось бы 83 года

Аномалия — деградацияланып бараткан коом

Аракечтик, сойкулук, кылмыштуулукту чагылдырган "Аномалия" фильми жогорудагы эки тасманы жыйынтыктайт. Режиссер 1991-жылы жараткан эмгегинде наркологиялык диспансерде дарыланган кыз-келиндердин тагдыры, эскерүүлөрү менен мыкты чагылдырып бере алган. Ошондой эле чыгармачыл инсан андагы айрым каармандары аркылуу элдин деградацияланып бара жатканын, паракорчулук, кайдыгерлик, саткынчылык өңдүү адамдагы терс мүнөздөрдү мыкты ачып берген.

Алсак, автор өз канынан жаралган баласынан баш тарткан партиялык кызматкердин, ымыркайын таштанды талаага калтырып кеткен жаш келиндин окуясын болуп көрбөгөндөй чеберчилик менен көрсөткөн. Драманы ошол эле эне менен кыздын 19 жылдан кийин наркологиялык диспансерде чогуу жашап калгандыгы менен жыйынтыктаган.

© Александр ФедоровЭротика в кыргызских фильмах
Эротика в кыргызских фильмах - Sputnik Кыргызстан
Эротика в кыргызских фильмах

"Аномалияда" Базаров ачык сценаларды колдонуп, коом каякка бараткандыгын эскертип, кылмышкер, аракеч, сойкуларды негизги каарман кылган. Режиссер ошондой эле үч фильмде тең актер Советбек Жумадылов, актриса Айтурган Темирова, Гүлсара Ажибекова менен иштеген.

Аталган эмгектердин автору тасмалар көрүүчүлөргө 30 жыл мурун сунушталганына карабай, азыр дагы актуалдуу экендигин, бирок негедир алар телеканалдардан берилбей жаткандыгын айтып, ичи чыкпай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0