ЖК ойлонуп, өкмөт толгонгуча айдоочулар ишсиз калды. Лицензия качан берилет?

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана
Спецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта иштөө үчүн лицензия ала албай, 1500дөй жүк ташуучу унаа (ар биринде 2-3төн айдоочу) токтоп турат. Буга кошумча Бишкекте эле 1000ге чукул маршруттук такси уруксат ала албай иштеп жатканы аныкталды. Айдоочулардын лицензия ала албай жатканына мыйзамдагы мүчүлүштүк себеп болууда.

1-январдан тарта күчүнө кирген мыйзамда жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга лицензия берүүнүн баасы белгиленбей калган. Иштебей турган айдоочулардын саны күндөн-күнгө өсөрү айдан ачык. Алар өкмөткө да, Жогорку Кеңешке да кат менен кайрылып, жооп ала алган эмес. Sputnik Кыргызстан маселени иликтеп көрдү.

Айдоочулардын үнү

Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы, чет мамлекеттерге жүк ташууну камсыздаган фирмалардын биринин жетекчиси Талантбек Маткерим уулу келип чыккан көйгөйдөн канчалаган айдоочу ишсиз калып жатканын айтты. 

© SputnikСоода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы, чет мамлекеттерге жүк ташууну камсыздаган фирмалардын биринин жетекчиси Талантбек Маткерим уулу
ЖК ойлонуп, өкмөт толгонгуча айдоочулар ишсиз калды. Лицензия качан берилет? - Sputnik Кыргызстан
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы, чет мамлекеттерге жүк ташууну камсыздаган фирмалардын биринин жетекчиси Талантбек Маткерим уулу

"Жаңы кодекстер ишке кирген 1-январдан тартып эле ушул көйгөйгө туш болдук. Биз бул боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине бир нече жолу кайрылдык. Алар бизге мыйзам оңдоп-түзөлгөнчө эски баа менен лицензия бере берсе болмок. Мурда юридикалык жактар 1000 сомдон, жеке тараптар 500 сомдон төлөп лицензия алчубуз. Жаңы мыйзам ишке кирсе, баа жогорулайт деп айтышкан. Бизге эски баа менен бере беришсе, айырмасын кийин төлөгөнгө даярбыз. Учурда лицензиясынын мөөнөтү бүтүп 1500 унаа токтоп турат. Алардын ар биринде 2-3төн айдоочу болот. Канча деген айдоочу ишсиз калууда. Чет мамлекеттеги биз менен келишим түзгөн компаниялар да товарды убагында жеткирип бере албаганыбыз үчүн биз менен келишимдерди бузуу ниеттерин билдиришүүдө. Маселени тез арада чечип берүү үчүн Жогорку Кеңешке, төрага Дастан Жумабековдун атына кат жолдогонбуз, бирок азырынча эч кандай жооп ала элекпиз", — деди Маткерим уулу.

Министрлик эмне дейт?

Айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары Арслан Касымалы уулу тиешелүү документ өкмөткө жиберилгендигин билдирди. 

"Жүк жана жүргүнчү ташуучу автоунааларга документ "Лицензия жана уруксат кагаздарын берүү системасы" деген мыйзамдын алкагында берилет. Бирок жаңы мыйзамдарга ылайык, лицензия берүүдө мамлекет тарабынан алына турчу алымдардын наркы белгиленбей калган. "Салык эмес кирешелер жөнүндө" КРдин мыйзамынын 139-беренесинде "алымдар Жогорку Кеңештин макулдугу менен өкмөт тарабынан белгилениши керек" деп жазылган. Бул маселени чечүү үчүн Юстиция министрлиги токтомдун долбоорун иштеп чыгып, тиешелүү мекемелер менен макулдашып, өкмөткө жөнөткөн. Өз кезегинде өкмөт ЖКга жибергендигин маалымдады. Учурда көйгөй башка мамлекеттерге жүк жана жүргүнчү ташыган унааларда гана жаралууда. Өлкө ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган транспорттордо мындай маселе жок", — деди аткаминер.

Лицензияны шаардагы маршруттук таксилер да ала албай жатат

Транспорт министрлиги "өлкө ичинде мындай көйгөй жок" дегени менен "Альянс бус" жүргүнчү жана жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаидинин айтуусу боюнча аталган маселе борбор калаадагы маршруттук таксилерге да таасирин тийгизди. Жыл башынан бери эле 1000ге чукул маршруттук таксинин лицензия мөөнөтү бүткөн. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовТранспорт министрлиги "өлкө ичинде мындай көйгөй жок" дегени менен "Альянс бус" жүргүнчү жана жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди
ЖК ойлонуп, өкмөт толгонгуча айдоочулар ишсиз калды. Лицензия качан берилет? - Sputnik Кыргызстан
Транспорт министрлиги "өлкө ичинде мындай көйгөй жок" дегени менен "Альянс бус" жүргүнчү жана жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди

"Транспорт министрлиги жаңы мыйзамдарда лицензия наркы көрсөтүлбөй калгандыгы үчүн алар бизге лицензия бере албай турганын айтышкан. Бирок лицензиясынын мөөнөтү бүтүп калган айдоочуларга камсыздандыруу полиси менен иштей бергенге уруксат беришкен. Учурда шаар ичинде 1000ге чукул айдоочу лицензиясы жок каттамдарга чыгууга аргасыз болууда. Албетте, бул биздин ишибизге тоскоолдук жаратат. Маселени тез арада чечип берүүнү суранып, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кат жибергенбиз. Жообун ала элекпиз", — деди жетекчи.

Депутаттардын кабары жок…

Маселенин учугу Жогорку Кеңешке барып такалган соң бул багытта жооп алууга парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрайымы Махабат Мавлянова менен байланыштык. Алгач эл өкүлү жаралган көйгөй боюнча кабары жок экенин билдирди. 

© SputnikПарламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрайымы Махабат Мавлянова
ЖК ойлонуп, өкмөт толгонгуча айдоочулар ишсиз калды. Лицензия качан берилет? - Sputnik Кыргызстан
Парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрайымы Махабат Мавлянова

"Менин билишимче, бул Түркияга каттаган айдоочуларга гана байланышкан маселе. Башка өлкөлөргө жүк ташыган айдоочулардын көйгөйү бар экенин укпаптырмын", — деди депутат.

Бирок бир нече мүнөттөн кийин кайра чалып, маселенин чоо-жайы менен таанышканын белгиледи.

Автомобильный ключ и деньги - Sputnik Кыргызстан
ОСАГО полисин албагандарга качан айып салына баштайт? Мамфинкөзөмөлдүн жообу
"Мен азыр эле тиешелүү тармактарга чалып, билдим. Чындыгында жаңы кабыл алынган мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдөн улам көйгөй жаралыптыр. Бул боюнча жүк ташуучу фирмалардын жазган катын алдым. Ушул тармакты тейлеген вице-премьер менен байланыштым. Документ Жогорку Кеңешке келип түшүптүр. Биз аны жакынкы күндөрү карап чыгып, биринчи окууда эле кабыл алып беребиз", — деди Мавлянова.

Баса, Түркия тууралуу эл өкүлү айтпаса, биз билбей деле калмак окшойбуз. Эки мамлекет ортосунда дипломатиялык негизде белгилүү бир өлчөмдө эки тараптуу жүк ташууларга уруксат берүү каралган. Буга тиешелүү документтер Түркия тарабынан былтыркы жылдын ноябрь айында эле Кыргызстанга жиберилген. Бирок Транспорт жана жолдор министрлигине азыркыга чейин бул меселе боюнча эч кандай документтер келе элек. Алар элчиликтеби же башка бир жерде унутта калдыбы, бул өзүнчө маселе….

Жаңылыктар түрмөгү
0