Шашылыш билдирүү! Бүгүн түнү тоолуу райондорго кар көчкү түшөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСуук аба ырайы. Архивдик сүрөт
Суук аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертти.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. 1-февралга караган түнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош — Сары-Таш автоунаа жолунун 176-185-чакырымдарында, Казарман — Актал-Чат автоунаа жолунун 43-44-чакырымдарында жана Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-92-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0