Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек

© Фото / предоставлено Мээрим ТолопбергенЫрчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен. Архив
Ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Биз — ата-энебиз" рубрикасынын кезектеги чыгарылышынан белгилүү түгөйлөр — ырчы Мирбек Атабеков жана теле алпаруучу Мээрим Төлөпбергендин үйбүлөлүк турмушу, анын ичинде ата-энелик милдет менен ишти кантип айкалыштырары туурасында биле алабыз.

Эстрадабыздын элге кеңири таанылган аткаруучуларынын бири Мирбек Атабеков жана Мээрим Төлөпберген 2014-жылдын сентябрында баш кошушкан. Андан бери жаш жубайлар Адам жана Ыйман аттуу эки перзенттүү болушту. Түгөйлөр дагы да талбай эмгектенип, жаңы ийгиликтерди багындырып келишет. Мирбек мурдагыдай эле чыгармачылыкта алдыңкы сапты ээлеп келе жатса, Мээрим кеңири таанымал инста-блоггер, жолдошунун чыгармачылыктагы менеджери, алар менен катар өз ишин да түптөөгө үлгүргөн. Мээрим менен биз үй-бүлө жаатында баарлаштык.

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү ырчы Мирбек Атабековдун жубайы, теле алпаруучу Мээрим Төлөпберген
Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун жубайы, теле алпаруучу Мээрим Төлөпберген

— Эки баланын энесине иштеп жана жылдыз атыккан адамга жар болууну айкалыштыруу татаалбы?

— Апам айтмакчы, биз 21-кылымдагы ата-энебиз. Ал бизге: "Иштеп да, үй-бүлөнү кармап, үйдө да жайлуулук жарата аласыңар", – дейт. Биринчи кезекте мага дайым каралашкан энелерибизге — өзүмдүн жана жолдошумдун апасына, сиңдилериме ыраазычылык айтар элем. Алар кош бойлуу кезимде да жардамдашкан, азыр да көмөктөшүп келишет. Бирок жолдошум тапшырма берип, мөөнөтүн белгилеген күндөр болот. Мисалга, анын жеке концертине даярдык маалында ал мага аткарыла турган тапшырмалар тизмектелген бир бет толо барак карматкан, анда демөөрчүлөр менен жолугушуу өткөрүү, банктагы иштер, патент маселеси жана башка административдик иштер бар эле.

Супруги Ислам Сманов и Зарема Жунусова - Sputnik Кыргызстан
Уулумдун ыйлаганын укпайын деп таңдан кечке иштечүмүн. "Биз — ата-энебиз" долбоору
Андай иштерди аткаруу мага жүктөлөт, себеби жолдошум чыгармачыл адам, убактысынын басымдуу бөлүгүн студияда, клип тартуу же иш-чараларга катышууга жумшайт. Дайым балдар менен көбүрөөк бирге болууга, алар менен сейилдөөгө тырышат, бирок анын чыгармачылыгы биздин үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы болгондуктан, аны бардык жагынан колдоп, ишине түшүнүү менен кароого биз да аракет кылабыз.

Инста-курбуларым бардыгына кантип жетишеримди көп сурашат. Чындыгында кынтыксыз бир формуласы жок, ал тургай, ар мүнөтүнө чейин бөлүп ала тургандай анык бир режим деле карманбайм. Алдын ала пландабастан эле таңда ойгонобуз, анан күн бардык ишке жетишкидей бөлүштүрүлөт. Балдарды жаныма алып салонума же ательеге барган учурларым болот. Тааныштарым, кесиптештерим балдарды кошо жаныма алып жүргөнүмө көнүп деле калышты. Тун уулубуз Адам эки жарым жашта, кызыбыз Ыйманга араң алты ай толду. Бүт нерседе мага жайдары маанайым жана шаттыгым жардамга келет. Колуңдан баары келерине дайым ишенүү керек, бала мында эч кандай бөгөт болбойт. Эгер эч ким каралашпаса да наалып, кейип-кепчүүнүн кереги жок.

© Фото / предоставлено Мээрим ТолопбергенМээрим: Мирбектин чыгармачылыгы биздин үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы болгондуктан, аны бардык жагынан колдоп, ишине түшүнүү менен кароого биз да аракет кылабыз.
Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек - Sputnik Кыргызстан
Мээрим: Мирбектин чыгармачылыгы биздин үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы болгондуктан, аны бардык жагынан колдоп, ишине түшүнүү менен кароого биз да аракет кылабыз.

— Алгачкы, экинчи кош бойлуулук кандай өттү?

— Эч биринде үйдө жатып албадым, андайга шарт да жок эле. Эркелегенге да мүмкүнчүлүк болбоду. Уулум боюмда барда жолдошумдун чыгармачылыгынын 10 жылдыгына карата концертке камынып жүрдүк. Анда көбүнесе административдик маселелерди чечүүгө тийиш болчумун. Кийин АКШга эки сапар, Ысык-Көлгө иш боюнча жол тартууга туура келди. Ошол себептенби, кош бойлуулук мага билинбей өтүп кетти. Кудай жалгап, ден соолугуман кыйналбадым. 8-9 айга жеткенде уйку басты. Менимче, организм төрөткө даярданды өңдөнөт. Биринчи кош бойлуулук абдан өзгөчө эле, балам менен сүйлөшө берчүмүн. Уул болорун билгенибизде Мирбек кубанды, бирок тун чүрпөбүз кыз болсо деп күткөнүн жашырбады. Уулум ашкере кыймылдуу. Балким, боюмда бардагы өзүмдүн тынбаганым ага таасир эткендир. Кош бойлуулук кандай өтсө, бала ошондой чыгат деп калышат го, ошол чын окшойт.

Тун перзенти менен аял эне болууну жаңыдан үйрөнөт, ал эми кийинки балдары төрөлгөндө зарыл тажрыйбага ээ болуп калат. Эгер биринчисинде "Ой, ыйлап жатат" десең, экинчисинде бала ыйласа, анча түйшүккө түшпөйсүң. Баарына жөнөкөй жана токтоо мамиле кыла баштайсың. Экинчи наристелүү болгондо сүйүүңдү да теңме-тең бөлүүгө үйрөнөсүң.

© Sputnik / Табылды КадырбековМээрим Төлөпберген: тун уулубуз Адам эки жарым жашта, кызыбыз Ыйманга араң алты ай толду. Бүт нерседе мага жайдары маанайым жана шаттыгым жардамга келет.
Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек - Sputnik Кыргызстан
Мээрим Төлөпберген: тун уулубуз Адам эки жарым жашта, кызыбыз Ыйманга араң алты ай толду. Бүт нерседе мага жайдары маанайым жана шаттыгым жардамга келет.

— Жолдошуңуз, анын туугандары сиздин ишмердигиңизге кандай карайт?

— Үй кожойкелери иштегиси келип, бирок жолдошу же кайненеси уруксат бербегендиктен үй-бүлөдө чыр чыгышынан чочулашары тууралуу мага көп жазышат. Кайненеден абдан жолдуу экенмин. Кайнене деп атоого да тилим барбайт, ал менин өз апамдай эле.

Баарын түшүнүп: "Силер жашсыңар, иштешиңер керек, жашооңор жандуу, кызык болушу зарыл", – дейт бизге дайым. Бардык жактан колдоо көрсөтөт. Мындай кыл, тигиндей жаса деп зекигенин да эч укпадым. Психологиялык планда бул чындыгында абдан чоң колдоо.

Үйлөнгөнүбүзгө чейин эле мен көп иштечүмүн, Мирбек да менин үйдө отурбасымды билчү. Баш кошкондон кийинки биринчи жарым жылда жакшы келин болуп, үйдө отурдум. Жолдошум башкача болуп баратканымды, кызыксыз, көңүлүм чөгүңкү жүргөнүн байкаптыр. Ошондо ал мага: "Мээрим, жаш өткөн соң өз карьераңды кура албай калганың үчүн өзүңө нааразы болушуңду каалабайм. Эгер бир нерсе менен алектенгиң келсе, мен дайым колдойм", — деди. Жакшы күйөөгө туш болдум. Албетте, ар кандай пикир келишпестиктер болот, бирок экөөбүз тең чырдан алыспыз, кандай талаш болбосун, жай чечишип алууга аракет кылабыз. Таарынычты ичке кармап, терс энергияны топтой берген болбойт, андан көрө дароо айтып, анан унутуп коюу дурус.

© Фото / из личного архива Мээрим ТолопбергенЖубайлар 2014-жылы баш кошушкан. Уулу Адам 2,5 жашта, ал эми кызы Ыйман алты айлык.
Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек - Sputnik Кыргызстан
Жубайлар 2014-жылы баш кошушкан. Уулу Адам 2,5 жашта, ал эми кызы Ыйман алты айлык.

— Балдарды тарбиялоодо кандайдыр сырыңыздар барбы?

— Апаларыбыз — Советтер Союзунун кишилери, бөлөкчө тарбия алышкан. Биз башкача ой жүгүртөрүбүздү алар моюнга алышат, бул абдан жакшы көрүнүш. Неберелерин катуу жакшы көргөн, айтканын аткарган жакшы чоң апа, таене-таята болушарын айтышкан. "Силерге бир нерсени үйрөтө албайбыз, анткени чоң кишисиңер. Силерди жакшы киши кылып тарбиялаганыбызга жараша, өзүңөр да жакшы балдарды тарбиялап өстүрөрсүңөр", — дешкен. Албетте, биз кандай ата-эне болгонубузду мезгил көрсөтөт, бирок колубуздан келишинче аракеттенип жатабыз.

Ведущий Мирхамид Токтогул - Sputnik Кыргызстан
Мирхамид Токтогул: үй-бүлөдө сөз бүтпөш керек, бүтсө эле бир нерсе болот
Балдарды обу жок эркелете бербейбиз. Бирдей көңүл бурууга умтулуп, чоң кишилердей сүйлөшөбүз.

Курбуларым менен отуруп, айрым энелердин балдарын сыйлоого, сүйүүгө, көңүл бурууга мажбурлап, тогуз ай көтөргөнүн, бакканын, түн уйкудан калганын айтып боор ачытарын анализдеген элек. Үй-бүлөсүнө, балдарына көп көңүл бөлбөстөн, өмүрүн ата-энесине арнаган жубайлар бар. Андай балдар милдетин акырына дейре аткара албагандай дайым өздөрүн айыптуу сезип, дагы көп көмөктөшүүгө тырышат.

Менимче, ата-эне өз баласына милдет кылбоого тийиш. Эгер ага туура тарбия берилсе, анда бала сизге милдеттүү болгону үчүн эмес, жан дили менен эле сизге ыраазы болот. Андай ыраазылык миң эсе жагымдуу. Биз андай көндүм пикирлерди жеңе аларыбызга абдан үмүттөнөм. Балама андай кептерди айтпайм деп өзүмө өзүм сөз бергем. Анын өз акылы өзүндө болоруна, андай насаатсыз эле анык сүйүүсү, жылуу мамилеси менен бизге ыраазычылыгын билдирерине ынанам. Балдарымды тарбиялоодо бул нерселер башкы сапта турат.

© Фото / Мээрим ТолопбергенМээрим: ар кандай пикир келишпестиктер болот, бирок экөөбүз тең чырдан алыспыз, кандай талаш болбосун, жай чечишип алууга аракет кылабыз. Таарынычты ичке кармап, терс энергияны топтой берген болбойт, андан көрө дароо айтып, анан унутуп коюу дурус.
Мирбек Атабековдун жубайы: ата-эне баладан ыраазычылык талап кылбашы керек - Sputnik Кыргызстан
Мээрим: ар кандай пикир келишпестиктер болот, бирок экөөбүз тең чырдан алыспыз, кандай талаш болбосун, жай чечишип алууга аракет кылабыз. Таарынычты ичке кармап, терс энергияны топтой берген болбойт, андан көрө дароо айтып, анан унутуп коюу дурус.

— Мирбек Атабековдун жубайы болуу канчалык оор же жеңил?

— Биринчиден, мен эч нерсеге өкүнбөйм. Ал менин жолдошум, балдарымдын атасы гана эмес, мен дайым атагандай, Кыргызстандын кишиси. Аны жактырып, сыйлашарын, мындай көрүнүштү кабыл алуум керектигин билем. Албетте, кээде кыйын. Биз менен көбүрөөк убакыт өткөрсө дейм. Бирок экинчи жагынан, элге өз чыгармачылыгы менен канча ырахат тартуулап жатканын да түшүнөм. Ыраазы болгон ошончо кыргызстандыкты көргөнүмдө анын жылдыздуу жашоосундагы бардык кемчиликтерине кайыл болом.

Балдарыбыз атасы менен сыймыктанарына ишенем, анткени ал баарына өз өнөрү жана мээнеткечтиги менен жетти.

— Үйдө отуруп, сиздин постторуңузду окуган энелер, кыз-келиндерге кандай кеңеш берер элеңиз?

— Аял жакынкы 5 жылга өзүнө маанилүү багыттарды жана планды аныктап алуусу тийиш. Мисалга өз пландарымдан бөлүшө кетейин. Курбуларым менен сулуулук салонун, ателье ачканбыз. Бардык кыздар, айымдарыбызды сулуулоо жагат. Ошондой эле алар тышкы келбети менен гана эмес, ички сулуулукка да ээ болушун каалайт элем. Айымдарыбыз биз тиккен кийимдерди кийгенде өздөрүн ишенимдүү, сүйүктүү, ток пейил, эркин, акылдуу экенин сезип, ал эми эң башкысы, өздөрүн сүйө билишсе деп самайм. Бизде аябай акылдуу, бирок үй-бүлөсүнө, жолдошу, балдарына баарын арнап, өздөрүн такыр унуткарышкан аялдар арбын.

Балдар жазуучусу Аман Кармышаков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Балага ойдон чыгарып жомок айтып берсе болобу? Аман Кармышаков менен маек
Малайзияда эки жыл, андан кийин АКШда жашаганымда ар кыл айымдарды кезиктирдим. Маселен, Малайзияда биздегидей эле салттуу үй-бүлөлөр, негизинен эркектер иштейт. Бирок алардын аялдары өзүнө абдан жакшы кам көрүшөт. Америкада кинодогудай эле биринчи кезекте өзүн сүйүп, өзүн баалашат. Биздин аялдарды үй-бүлөсүн таштоого чакырганым жок, болгону өзүн баалай билсе, айланадагылар да аны ошондой кабыл аларын түшүндүргүм келет. Ушундай татына, акылман апасы менен балдар да сыймыктанат. Аял киши 50 жашка чыгып да сымбаттуу көрүнүп, ал эми жолдошу аны баягыдай ашыктык менен карап турганы сонун эмеспи. Үй-бүлөлөрдү дал ушундай көргүм келет. Тилекке каршы, биздин аялдар 45инде эле өздөрүн кары сезишет. Дал ошол куракта жашоо жаңы башталат деп ойлойм. Балдар чоңоюп, өз алдынча болуп калган кезде баарын жаңыча баштап, ырахат ала жашоого эмнеге болбосун?!

Сүйүктүү айымдар, дайым өзүңүздөрдү колго алыңыздар, ошондо баарына жетесиздер!

Жаңылыктар түрмөгү
0