19:58 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Коом
Кыскача шилтеме алуу
232 0 0

Жыл сайын кыш мезгилинде борбор калааны кара түтүн каптайт.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек шаарын кара түтүн капташына ТЭЦ менен жеке секторлордун от жагуусу себеп. Унаалардын буга тиешеси жок. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын жетекчиси Андрей Подрезов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Кара түтүндүн пайда болушуна негизги ролду автотранспорт ойнобойт. Буга негизинен ТЭЦ менен жеке секторлордон чыккан түтүн себеп. Ал эми унаалардын түтүгүнөн чыккан газ чайнектин оозунан чыккан буудай эле", — деди Подрезов.

Анын айтымына караганда, бул жаңы нерсе эмес.

"Мындай көйгөйгө XIX кылымда Лондон тушуккан. Себеби алар үйлөрүн отун жагып жылытышчу. Кийин англиялыктар от жагууга тыюу салып, ток менен жылытууга өтүшкөн", — деп кошумчалады эксперт.

Кыргыз-Россия Славян университетинин метеорология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын станциясы Бишкектеги аба нормадан 4-7 эсе, кээде 7-17 эсе көп булганганын көрсөткөн.

Тема боюнча

Мамытова: чаң менен түтүн көздү кызартат
Фотофакт: Бишкектин асманынан кара түтүн кете элек
Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты
Белгилер:
кыш, кара түтүн, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ